Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:29

Сот Болсунбек Казаковду үй камагына чыгарды


Болсунбек Казаков.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Казаков 2018-жылдын 10-апрелинде камакка алынган эле. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы эки адам камакта олтурат.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан.

Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин жазган.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG