Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 16:51

Кыргызстан-АКШ келишимин талкуулаганы Бишкекке америкалык топ келет


Болот Отунбаев.

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун талкуулаш үчүн Бишкекке америкалык эксперттер келет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев билдирди:

- Тараптар азыр жаңы баракча ачылып жатат деп үмүттөнүүдө. Келишимдин долбоорун биздин министрлик-мекемелер карап чыгып, өкмөткө беришти. Алардын эксперттери жакында келе тургандай болуп жатышат. Андан соң АКШ менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн эксперттик тобу келишимдин долбоорун карайт.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишим даярдалып жатканын 14-мартта элчилер менен жыйында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да айткан. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG