Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

КТРКнын жаңы директору кызматына киришти


Жайнак Үсөн уулу.
Жайнак Үсөн уулу.

Коомдук телерадио корпорациясынын жаңы жетекчиси болуп шайланган Жайнак Үсөн уулу бүгүн, 19-мартта кызматына киришти. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

Каналдын мурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Жайнак Үсөн уулу 6-мартта каналдын жаңы жетекчиси болуп шайланган. Ага Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 13ү добуш берген. КТРКнын башкы директору аталган кеңеш тарабынан төрт жылга шайланат.

Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: «КТРК», «КТРК Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт» жана «Ала-Тоо 24» обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Миң кыял», «Достук», «Балдар FM» радиолору бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG