Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Түркияда шайлоодо ок атылды


Жергиликтүү шайлоодо добуш берип жаткан түркиялыктар. Анкара. 31-март, 2019-жыл.
Жергиликтүү шайлоодо добуш берип жаткан түркиялыктар. Анкара. 31-март, 2019-жыл.

Түркияда 31-мартта жергиликтүү шайлоолор өтүп жатат. Өлкөнүн түштүк-чыгышында жана Стамбулдагы шайлоо бекеттеринин айрымдарында ок атылды.

Малатья провинциясында исламчыл "Саадет" партиясынын шайлоого көз салып жаткан эки өкүлүнө ок атылган. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы билдирди. Жергиликтүү басма сөз каражаттары окуяга байланыштуу бир адам кармалганын жазышты. Диярбакырда талапкерлердин ортосундагы мушташтан улам эки киши жаракат алып, аларды бири оор абалда ооруканага жеткирилди.

Стамбулдагы добушканалардын биринде талапкерлердин ортосунда чыккан чырдан улам 15 киши мушташа кетишип, бир адам жараат алганын полициядан билдиришти.

Добуш берүүнүн алдындагы сурамжылоолор президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясы башкалаа Анкарада жана башка ири шаарларда утулуп калышы мүмкүн экенин көрсөткөн. Бул - Түркия толук президенттик башкарууга өткөндөн кийинки алгачкы добуш берүү. Шайлоочулар 1389 шаардын мэрин жана миңдеген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандашат.

Партиясы бийликке келген 2002-жылдан бери Эрдоган жана анын тарапташтары бир да шайлоодо жеңилишкен эмес. Бул жолку шайлоо өлкөдө экономикалык каатчылык күчөп турган маалга туш келди.

Айрым сурамжылоолорго караганда, Анкаранын мэрлигине талапкер, оппозициячыл Мансур Яваш алдыда баратат. Ал 2014-жылы да бул кызматка ат салышып, утулуп калган.

Түркиянын 82 миллионго чукул калкынын 57 миллионго жакыны добуш берүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG