Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Жаңы кодекс боюнча Бишкектин тургундарына 600 миң сом айыппул салынды


Экологиялык эрежени бузуу фактысы аныкталган учур. Мэрия берген сүрөт. Бишкек шаары, Кыргызстан.
Экологиялык эрежени бузуу фактысы аныкталган учур. Мэрия берген сүрөт. Бишкек шаары, Кыргызстан.

Бишкек мэриясынын алдындагы Санитардык-экологиялык инспекция Тартип бузуу жөнүндө кодексти бузгандар боюнча 15-майдан ушул күнгө чейин 815 миң 500 сомдук 87 протокол түздү.

Мэрия кабарлагандай, бул фактылардын 72си боюнча токтом чыгып, 606 миң 500 сомдук айыппул эреже бузгандарга чегерилди.

Эрежени аткарбагандар Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 70-беренеси («Аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузуу»), 71-беренеси («Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө»), 119-беренеси («Жол курулмаларын бузуу») жана 119-беренесинин («Автоунаа жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу») 1-бөлүгү боюнча айыпталды.

1-январдан тартып Кыргызстанда жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» жаңы мыйзамдар иштей баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG