Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:40

Элин ойлогон өкмөт аштык камдайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы бекитилди. Документтин саясий-экономикалык максаты, стратегиялык милдети эмнеде?

Программаны турмушка ашыруу үчүн кандай иштер жасалышы керек, азык-түлүк коопсуздугун туруктуу камсыз кылуу үчүн кандай саясат жүргүзүү зарыл? “Арай көз чарай” берүүбүздө ушул маселелер тууралуу сөз болот.

Талкууга Кыргыз Республикасынын мурдагы биринчи вице-премьер- министри Алманбет Матубраимов жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулуева катышты.

“Азаттык”: Анаркүл айым, 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасынын кабыл алынышынын зарылчылыгы, анын саясий-экономикалык максаты, мааниси эмнеде?

Анаркүл Беккулиева: Аталган программа беш жылдык иштерди өзүнө камтыйт. Программанын негизги максаты - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактануусуна комплекстүү мамиле кылуу десек болот.

Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жеке эле Айыл чарба министрлигинин милдетине кирбейт, аны аткаруу үчүн экономика, саламаттык сактоо, билим берүү, эмгек жана социалдык жактан коргоо министрликтери чогуу иштешет. Анткени азык-түлүк коопсуздугу менен туура тамактануу маселелери да тыгыз байланыштуу.

“Азаттык”: Мындай аталыштагы программалар мурда деле кабыл алынчу. Бул жолку кабыл алынып жаткан программанын мурдагылардан айырмачылыгы, артыкчылыгы, жаңычылдыгы барбы?

Анаркүл Беккулиева: Мурдагы программаларды аткаруу республикалык деңгээлде гана иштелип келген. Бул программада жергиликтүү бийликтерге да жоопкерчилик жүктөлүп жатат, аймактарда кандай иштер аткарылууда дайыма мониторинг жүргүзүлүп турат, анын натыйжасы кандай болду, ага да жооптор даярдалып турмакчы. Азыркы программанын негизинде жергиликтүү бийликтер да өз аймактары боюнча азык-түлүк коопсуздугу программаларын иштеп чыгат.

“Азаттык”: Алманбет мырза, Кыргызстандын айыл чарбасындагы бүгүнкү абалды эске алганда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу саясаты канчалык стабилдүү, туруктуу деп ойлойсуз?

Элдин саны өсүп, керектөөсү көбөйүүдө. Тилекке каршы, аларга канча тамак-аш керек экенин биз так билбейбиз.
Алманбет Матубраимов.

Алманбет Матубраимов: Кыргызстан эгемендик алгандан бери далай программалар кабыл алынган. Ошондон бери элдин саны өсүп, керектөөсү көбөйүүдө. Тилекке каршы, аларга канча тамак-аш керек экенин биз так билбейбиз. Эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстанда бир миллион гектардан ашык айдоо жерибиз болгон. Анын 278 миң гектары мамлекеттик мүлк катары калып, калганы жеке менчикке кеткен.

Акыркы маалыматтарда ошол 278 миң гектардын 100 миң гектары эле мамлекеттин колунда калганы айтылууда. Бишкек шаарынын айланасындагы миңдеген гектар айдоо аянттары, сугат жерлер турак жай салганга берилип кетти. Канчалаган сугат жерлер кайрак жерлерге айланды. Мамлекеттин биринчи коопсуздугу – азык-түлүк коопсуздугу.

Жердин айдалышы, өздөштүрүлүшү, пайдаланышы, жалпы эле жерди башкаруу боюнча иш болбой калды. Бир миллион гектардан ашык жерибиздин 75 пайызы элдин, 25 пайызы мамлекеттин колунда дейбиз. Бирок, андан элди бага турган канча азык-түлүк өндүрүлүп жатат? Айыл чарбага керектүү канча жерибиз калды, билбейбиз.

Мисалы, Советтер союзунун убагында ар бир адамга 146 килограмм ун талап кылынат деген норматив бар болчу. Азыр кандай? Кыргызстанда 6 миллиондон ашык эл бар дейбиз, анын 1 миллиону сыртта жүрөт, ошол эле учурда 2 миллион турист келет деп жатабыз. Аларга канча тамак-аш керек? Ошолордун баарынын тамак-аш коопсуздугун эсептедикпи, Кыргызстан өзү камсыз кыла алабы, же ушул маселелерди ЕАЭБ менен бирге чечебизби, анын баарына жооп таап, эсептеп чыгышыбыз керек.

“Азаттык”: Анаркүл айым, азык-түлүк коопсуздугунун башкы критерийлеринин бири – өлкөнүн элин нан менен өзүн-өзү камсыз кылууга жетишүү деп айтылат. Кыргызстан нан болчу эгиндин көбүн сырттан сатып алат, эмне үчүн өзүн камсыз кыла албайт, шарт жокпу, негизги себеби кайда?

Мыйзам боюнча азык-түлүктүн негизги тогуз түрү боюнча элди мамлекет камсыз кылышы керек.
Анаркүл Беккулиева.

Анаркүл Беккулиева: Кыргызстанда “азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” деген мыйзам бар, биз ошонун негизинде иш алып барабыз. Мыйзам боюнча азык-түлүктүн негизги тогуз түрү боюнча элди мамлекет камсыз кылышы керек. Аны аткаруу боюнча көзөмөл кыла турган өкмөттүн алдында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча атайын кеңеш иштейт.

Азыр Кыргызстанда жогорку сапаттагы эгин өндүрүү боюнча айдоо аянттары көбөйүүдө. Ун жасай турган буудайдын сапаты мурдагы жылдарга салыштырганда 30 пайызга көбөйдү. Азыр айтып отурган тогуз негизги азык-түлүктүн төртөө менен биз элибизди толук камсыз кыла алабыз, алар: картошка, жашылча-жемиштер, сүт азыктары жана кант.

Кыргызстан 2018-жылдан бери элин кант менен толук камсыз кылууга жетишип калды. Койдун жана уйдун эти менен да толук камсыз кыла алабыз, канаттуулардын этин гана сырттан алып келип жатабыз…

(Талкууну толугу менен бул жерден көрө аласыз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG