Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

«Коопсуз шаар - 2»: тендерден дагы чыр чыкты


Бишкектеги камералар.
Бишкектеги камералар.

Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы менен кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы алдыга чыкты. Бирок, Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет, ким жеңүүчү болгону комиссиянын акыркы чечиминен кийин айтыларын маалымдады.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталдагы тендердин жыйынтыгы менен “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сом сунуштаган.

Долбоордун биринчи этабын ишке ашырып жаткан орусиялык “Вега” компаниясы 4 миллиард 802 миллион 338 миң 446 сом, дагы бир орусиялык "БИС" (Маалымат системасынын коопсуздугу) компаниясы 5 миллиард 67 миллион 794 миң 340 сом сунуштаган.

Тендердин эрежеси боюнча долбоорду жасоо үчүн эң төмөн баа сунуштаган ишкананын жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, тендердик комиссиянын башчысы Кубаныч Шатемиров жеңүүчүнү аныктаган комиссиянын чечими чыга электигин маалымдады.

“Ким утканын азыр айта албайбыз. Эң төмөнкү бааны кытай компаниясы сунуштаганы факт. Азыр комиссия карап чыгып баа берет”.

Шатемиров комиссиянын чечими качан чыгарын айткан жок. “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча 5,7 млрд. сомго бааланган тендерге төрт компания катышып, анын үчөө жыйынтыктоочу турга өткөн. Бирок, тендердин жыйынтыгына чейин эле орусиялык "БИС" компаниясы атаандаш эки ишкананын техникалык сунуштамалары “талапка жооп бербейт” деген жүйө менен Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу өз алдынча комиссияга даттанган.

Аталган комиссия "БИС" компаниясынын доосун кароого негиз жок экенин билдиргенден кийин, сотко арызданган.

“БИС” компаниясынын расмий өкүлү Юрий Катютин Кыргызстанга жаңы эле келгенин айтып, тендердин жыйынтыгына нааразы экенин айтты.

“Башаламандык болуп жатат. Силердин мамлекет мыйзам менен эмес, “түшүнүктөр” менен жашайт экен. Классификация, техникалык талап деген түшүнүк бар да туурабы? Анда эмнеге ким өтүшү керек экенин сынаган биринчи турду өткөрүштү? Кытайлык компания техникалык талапка, классификациянын шартына туура келген эмес”.

“БИС” компаниянын өкүлү мындан аркы кадамдары боюнча кийинчерээк маалымат берилерин кошумчалады.

Ал ортодо долбоорду ишке ашыруу боюнча төмөн баа сунуштаган кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы Бишкекте чукул маалымат жыйын өткөрдү.

Компания өкүлдөрү Кыргызстандагы “Коопсуз шаардын” экинчи фазасын ишке киргизүүгө техникалык дарамети жетерин, “Shenzhen Sunwin” Кытайдын Бээжин, Шанхай сыяктуу жыйырмадай шаарында ушундай долбоор менен иштеп жатканын маалымдады.

Алардын айтымында, компания “Коопсуз шаар” долбоору өңдүү технология жаатында Малайзия, Индия, Канада, Сингапур өлкөлөрүндө да иштеп жатат.

“Биз технологиялык жана адам ресурсуна ишенебиз. Бул тармакта кызмат көрсөтүүдө өз күчүбүзгө ишенебиз”, - деди “Shenzhen Sunwin” компаниясынын өкүлү Денг Чи Чан.

Кытай компаниясынын өкүлдөрү.
Кытай компаниясынын өкүлдөрү.

Тендердин кепилдик суммасы катары 850 миң доллар салган бул компаниянын өкүлдөрү тендердик комиссия алардын пайдасына чечим чыгарат деген үмүттө. Алар башка атаандаштарынан эки эсе аз сумма сунуштап жатканын, бардык иштерди ортомчу компаниясы жок өзү ишке ашыра турганына ишендирди.

"БИС" компаниясынын койгон дооматтарын четке кагып, мыйзам жолунда териштирүүгө даяр экенин да белгилешти.

Кыргызстанда кайсы бир компания тендерди утуп чыгып, бирок сынактын жыйынтыгы жокко чыгарылган учурлар буга чейин да болуп келген. Мындан улам бийликтеги таасирдүү күчтөр компаниялардын биринин кызыкчылыгын сүрөп жатканы тууралуу кептер тараган.

IT адиси Азиз Абакиров өлкөдөгү тажрыйба көрсөткөндөй тендердин жыйынтыгы менен алдыга чыккан компания эле долбоорду ишке ашыра турганы белгисиз деди. Абакиров өкмөттүн тендер жарыялоо шарттарын, сынак системасын сынга алды.

“Утуп чыгабы же жокпу азыр бир нерсе айтуу эрте. Анан экинчи этабында абдан чоң ишти жасаганы жатат. Бөлүп-бөлүп койсо болмок. Адис катары өкмөттүн логикасын түшүнбөй турам. Тендерлер ушундай эле башаламан болуп калды. Тендердик комиссияга катышкандарга куугунтук болуп жатат. Минте берсе эми эч ким комиссия мүчөсү болбой калат го”.

Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видеокамерадан байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт. Беш жылдык долбоор 5 млрд. 791 миллион сомго бааланган.

Анда жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекси орнотулары көрсөтүлгөн. Долбоордун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда “Вега” компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG