Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Миллиондордун изи: ишкер Саймаитини өлтүрүп кетишти


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаитини Стамбул шаарында өлтүрүп кетишти.

Иликтөөдө Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиаму бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет өлкөгө ири суммада акча которушканы жана чыгарышканы көрсөтүлгөн. Бул адамдардын атынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго чет өлкөдөн кайра акча которулганы сөз болгон. Андыктан бул ишкердин киши колдуу болгону коомчулукта бир топ күмөндүү ойлорду жаратып койду.

Кытай жараны Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Ага кечки саат 8де шаардын Фатих районундагы мейманканалардын биринин жанындагы кафеде чай ичип отурган жеринен белгисиз бирөөлөр ок атып, качып кеткен.

«CNN-Türk» телеканалында көрсөтүлгөн видеодо Айеркен Саймаитиге тез жардам кызматкерлери жардам берип жатканын көрсө болот. Окуя болгон жерге дароо полиция келип, иликтөө иштери башталган.

Түрк басылмалары Айеркен Саймаитинин өлүмүн «Коркунучтуу куралдуу кол салуу» деген өңдүү темалар менен жазып чыгышты. Бул окуя боюнча «Sabah» гезити «Саймаити Стамбулда бажы иштери менен алектенчү. Акыркы күндөрү материалдык жактан кыйналып жүргөн жана бул кол салуу карыздарынан улам болушу мүмкүн» деп болжолдогон. Башка бир басылмалар Саймаити Стамбулда автоунааларды ижарага берип акча тапканын да жазышты.

Кызык жагдай: окуя болгон мейманкананын маңдайында турган «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү жол тандабаста Түркиядагы чет өлкөлүк консулдук кызматкерлери колдонгон номур болгон. Түрк басылмалары полициянын окуя боюнча изилдөөсүндө бул номур жасалма экенине басым жасап жатышат.

«Cumhuriyet» басылмасы Саймаитиге куралдуу кол салуу боюнча Стамбул шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, учурда шектүүлөрдү издөө иши уланып жатканын маалымдады.

Ишкердин Кыргызстандагы шектүү изи

Эми ишкер Саймаитинин Кыргызстанда ысымы аталган фактыларга токтололу. «Азаттык» 2019-жылы май айында «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө жарыялап, анда Саймаити, анын аялы жана Саймаити көзөмөлдөгөн «Абдыраз» фирмасы аркылуу 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени документтер менен көрсөтүлгөн.

Бул кытайлык ишкер аялы Вуфули Бумаилиаму менен Түркиядан Кыргызстанга, Оштогу банктардын бирине, Русланбек Матраимов ээлик кылган Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна үч жылда 2 338 700 доллар которгону тууралуу документтер көрсөтүлгөн. Бирок Руслан Матраимов бул кытайлык жубайларды «тааныбайм» деп жооп берген.

37 жаштагы Айеркен Саймаити, аялы Вуфули Бумаилиаму да уйгур улутундагы кытай жарандары. Саймаити кыргыз милициясында алдамчылыкка шектүү катары издөөдө жүргөнү аныкталган.

Коомчулуктагы айың кеп

Мына ушундай ири суммадагы шектүү каражаттардын чыгарылышына, Кыргызстандагы кайрымдуулук фондуна акча которгон иштерге аралашкан ишкердин өлтүрүлүшү коомчулукта ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратууда.

Социалдык тармактардын колдонуучулары «Саймаитини өлтүрүүгө ким кызыккан?», «Ишкердин өлүмү Кыргызстандагы ири каражаттардын чыгарылышына байланыштуубу?» деген суроолорду узатууда.

«Марал» радиосунун жетекчиси, саясат талдоочу Руслан Акматбек ишкердин өлүмү Кыргызстандан чыгарылган акча чуусу боюнча да бир топ суроолорду пайда кылганын айтты:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

- Эми Түркиянын полициясы, күч органдары иликтейт. Кыргызстандагы белгилүү жаран менен чогуу аты аталган кишинин ушундай өлтүрүлүшү сөзсүз бүдөмүк ойго жетелейт. Жообунан суроосу көп ойлорго жетелейт. Бул жаңылыкты угар менен «сөзсүз мунун артында бир нерсе бар, эми убакыт көрсөтөр» деп ойлодум.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгын иликтеп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз кызматкери Анастасия Пискур Матраимов боюнча чет өлкөдөн маалыматтар келе элек экенин билдирди:

- Чет өлкөдөн бардык толук маалыматтар келе элек. Кыргызстандагы маалыматтарды жарыялаганбыз.

Ал эми «Буга чейин Айеркен Саймаитиден маалымат алууга аракет кылгансыңарбы?» деген сурообузга тактап жооп берээрин айтты.

Буга чейин Финансы полициясы «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган каражаттардын дайынын жарыялаган. Бул мекеменин маалыматына караганда, 2010-2018-жылдары «Saimaiti Aierken», «Абдыраз» аттуу жоопкерчилиги чектелген коом жана «Wufuli Bumailiyamu» жеке ишкер банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 879 649 долларды чет өлкөлөргө жөнөткөнү айтылат. Акча кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу келишимдин негизинде которулганы айтылууда. «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Саймаити менен Бумаилиаму «2 338 700 доллар которгону ырасталган жок, Бумаилиаму Матраимовдордун фондуна болгону 200 миңдей доллар которгон» деп билдирген.

Ошол эле маалда 9-июлда Финансы полициясы коомчулукка мурда белгилүү болбогон дагы бир маалыматты жарыялады. Анда Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун эсебине 2014-2019-жылдары 1 млн. 439 миң 348 АКШ доллары жана 221 600 сом салынганын билдирген. Финансы полициясы бул суммаларды которгон адамдардын аты-жөнүн толук ачыкка чыгарган эмес.

Ал эми Райымбек Матраимов жана анын туугандары менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына ачык жооп берип келген парламент депутаты Искендер Матраимовго телефон чалганыбыздан майнап чыга элек. Искендер Матраимов 5-каналдагы талкуу учурунда буга чейин Саймаити кимдир-бирөөлөрдүн гана акчасын ортомчу иретинде фондго которгонун айткан. Бирок журналисттердин бир нече суроолоруна карабастан ал демөөрчү ким экенин ачык айткан эмес:

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

«Акчаны Кыргызстанда башка жакка жөнөтүп жатканда өзүнчө бир фирма түзүлөт экен, акча жөнөтчү. Башында айтып коеюн, муну ала келдим. Биздин Кыргызстанда 2003-жылдан бери чет элге акча эркин кетет экен. Учактан да, банктан да кетет экен. Анан бул кишилер беш-алты ишкердин акчасын чогултуп, ошол киши фирма түзүп, ошол акчаны жөнөтөт экен. Банк аркылуу, аэропорттон да жөнөтөт экен. Анан ал жактан акча кылганда биз айттык, «акча жөнөтчү фирмалар бар, ошондон бизге жөнөтүп койсоңор болот» дедик. Келген акча ошол. Бул айткан 2 млн. 300 миң эмес. Айеркен менен Вуфули дегенден эки эле дүмүрчөк менен келиптир, мен жазып алдым. 2016-жылы 25-августта жана 2016-жылы 20-октябрда келген экен. Бирөөсүндө 100 миң, бирөөсүндө 99 958 миң 20 цент».

Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2017-жылы, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Бирок Матраимов өкмөттүн мындай чечими туура эмес болгонун айтып сотко кайрылган. Соттун бардык инстанциялары аны колдогон чечим чыгарган.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

2-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушкан учурда президент Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун мүлкүнө байланыштуу маалыматтарды чет өлкөлөрдөн да тактоо иштери жүрүп жатканын билдирген.

- Матраимовдун өзү да, бир туугандары да текшерилди. Февралдан бери текшерүү жүрүп жатат. 24 млн. сом салыгы бар экен, аны төгүп жатат, - деди мамлекет башчы.

Ал журналисттерге коррупцияга байланыштуу иштерде факты менен сүйлөөнү сунуш кылып, коррупция менен күрөштө кол тийгистер болбой турганын, бардык иштер боюнча чара көрүлөрүн белгиледи. Сооронбай Жээнбеков бул жыйында Райымбек Матраимов эки жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебей турганын кошумчалаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG