Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

БУУ: 2020-жылы дүйнөдө кырдаал дагы курчушу мүмкүн


Түштүк Африка менен Зимбабвенин чек арасында турган жумушчулар.
Түштүк Африка менен Зимбабвенин чек арасында турган жумушчулар.

Бириккен Улуттар Уюму 2020-жылга карата божомолун жарыялап, климат мындан да ысып, согуш көбөйүп, ар кандай дарттар жайыларын билдирди.

Уюмдун баяндамасында согуштардан улам көп адамдар эмделбей калып жатканы, коомдун саламаттыгын көзөмөлдөө оорлошуп баратканы белгиленди. Мунун жыйынтыгында Африкада 2019-жылдын үч айында эле кызамык менен жабыркагандар кескин көбөйгөн.

БУУнун өкүлү Марк Лоукок климаттын өзгөрүшү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алууну сунуш кылды. Анын айтымында, азыркы тенденция уланса, муктаждар болгон адамдар 2022-жылы 200 миллионго чейин көбөйөт.

- 2020-жылы дээрлик 168 миллион адамга жардам жана коргоо керек. Бул планетадагы ар 45-адам. Мындай сан соңку он жылда болуп көргөн эмес, - деди ал.

БУУ билдиргендей, дүйнөдөгү 20 эң муктаж мамлекеттин 13ү табият кырсыктарынан жана глобалдык жылуулуктан жапа чегүүдө. Ошону менен катары планетанын экономикалык абалы да жакшы эмес. Буга эки эң ири держава - Кытай менен АКШнын соода тиреши да себеп болуп жатат.

XS
SM
MD
LG