11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус табылган 41 адамдын 12си - медицина кызматкерлери. Алардын ичинен 8 дарыгер Бишкек шаарында, 1 дарыгер Нарын облусунда жана 3 дарыгер Ош шаарында. Ушуну менен инфекцияны жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 51 болду.
Алар - дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана кир жууган жумушчулар.
Бул тууралуу 11-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
11-апрелде Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө. 44 бейтап айыгып чыкты. (BTo)