Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Президент Жээнбеков Москвадагы парадга катышуу үчүн кетти


Жээнбеков жана Путин. Архивдеги сүрөт.
Жээнбеков жана Путин. Архивдеги сүрөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанатка катышуу үчүн 23-июнда Орусияга учуп кетти.

Президенттин сайты сапар орус лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен уюштурулганын жазды.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков 24-июнда Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Мурдараак Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да Москвага Путиндин чакыруусу менен сапар тартары расмий кабарланган.

Коронавирус пандемиясынан улам Жеңиштин 75 жылдык мааракеси 9-майда өткөрүлбөй, 24-июнга жылдырылган. План боюнча Путин Кызыл аянттагы трибунада согуштун катышуучулары менен болот.

Мурдараак "Bloomberg" агенттиги парадга келе турган Экинчи дүйнөлүк согуштун 80дей катышуучусу карантинге алынганын эки чиновникке таянып маалымдаган эле.

Азербайжан, Чехия, Хорватия, Түркмөнстан, Армения өңдүү бир катар мамлекеттердин жетекчилери Москвадагы парадга баруудан баш тартышты. (SE)

XS
SM
MD
LG