Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Атамбаевге чыккан өкүмгө баа жана сын


Алмазбек Атамбаев. 2019-жылдын июль айы.
Алмазбек Атамбаев. 2019-жылдын июль айы.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл, эки айга соттолду.

Атамбаевдин иши ушуну менен эле бүтүп калбайт.

Ушу тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча ага каршы козголгон дагы бир нече кылмыш иши териштирилип жатат. Анда мурдагы мамлекет башчыга «Киши өлтүрүү», «Барымтага алуу» деген сыяктуу оор беренелер менен айып тагылган.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары, 2010-жылдагы апрель окуяларынын активдүү катышуучусу, өлкөнү 2011-2017-жылдары башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-июнда 11 жыл, эки айга кести. Сот аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууда «коррупцияны уюштурган» деп тапты.

Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы оппозициянын алдында жүргөн, президент болуп турганда чуулгандуу билдирүүлөрү, саясий жүрүштөрү менен талкуу жараткан Атамбаевге карата чыккан сот чечими коомчулукта эки анжы ойду жаратты.

Экс-премьер-министр, генерал Феликс Кулов мурдагы мамлекет башчыга байланыштуу кылмыш иштери тууралуу пикири менен бөлүштү.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Мен Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү сотто толук далилденген жок деп эсептейм. Биринчиден, Атамбаевге каршы Шамил Атаханов менен Зарылбек Рысалиевдин гана каршы көрсөтмөсү бар. Атамбаев президент болуп турганда жолукканда Атахановдун ага «Батукаев катуу ооруп жатат, анын үстүнө Кыргызстанда эки «мыйзамдагы ууру» бар. Алардын тиреши курчуп баратат. Үчүнчүдөн, ал киши өлтүргөн эмес. Ошондуктан чыгарсак болот" деп айтканын уккам. Мен «эң негизгиси мыйзам бузулбашы керек» десем, ал «мыйзам бузулган жок» деген. Кандай акылы жок президент болсо да «кылмышкерди түрмөдөн бошоткула, акча алгыла» деп айтарына ишенбейм. Башка маселе азыр Кой-Таш окуясы боюнча иш турат. Бул жерде Атамбаевге өзүнүн ак экенин далилдөө оор болот».

Кой-Таш окуясы демекчи, Алмазбек Атамбаев баштаган анын ондон ашык тарапташына бул иш боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» деген оор беренелер менен кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап жатат.

Талдоочулар бул окуяда бир киши өлүп, «Альфанын» алты жоокери Атамбаевдин үйүндө кармалып турганын эске алганда мурдагы президенттин жаза мөөнөтү дагы көбөйүшү мүмкүн экенин божомолдоп жатышат. Анын үстүнө Атамбаевге коюлган оор беренелерге мыйзамда жеңилдик каралган эмес. Бирок Жазык кодекси боюнча бир кишиге 20 жылдан ашык түрмө жазасы чегерилбейт. Кыргызстанда мындан оор жаза – бул өмүр бою абакка кесүү.

Мурдагы президент өлкө ичинде кармалып, түрмөгө камалышы Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи окуя катары каралып жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алманбет Матубраимов «күнөөсү болсо, ким экендигине карабай жазасын алышы керек» дейт.

Алманбет Матубраимов.
Алманбет Матубраимов.

«Мамлекетти башкарам деп келген адам кылган ишине жооп берүүгө милдеттүү. Кыргызстанда бийликте отургандардын укугу, колунда бийлиги бар, бирок милдети да, жоопкерчилиги да жок. Бизде эки президентти эл көтөрүлүп сыртка айдап чыкты. Бирөө камалды. Бул дүйнө жүзүндө болуп эле келаткан көрүнүш. Мисалы, дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бири Түштүк Кореяда 11 президенти тең жоопкерчиликке тартылып, соттолду. Бул өлкөдө президенттерге «пара алды» деген шек үчүн ушундай жаза берилди. Кыргызстанда президенттер качып кетип, калганы кесилип жатканы келечекте бийликке келем дегендер, азыр иштеп жаткандар үчүн сабак болушу керек. Алар да жоопкерчилигин сезет чыгар».

Буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиев бир катар экономикалык кылмыштары жана 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында адам өлтүрүү жана ден соолуктарына зыян келтирген факты боюнча сыртынан 30 жылга соттолуп, издөө жарыяланган.

Өлкөнү ага чейин башкарган Аскар Акаевдин аялы Майрам Акаевага бир нече кылмыш иши ачылып, өлкөгө 64 млн. сом зыян келтирген деген жыйынтык чыккан. Мындан тышкары Акаевдин жакындарына да иш козголгону менен мурдагы президенттин өзүнө каршы кылмыш иши тууралуу маалымат жок.

Прокуратура утур-утур Бакиевдин кылмышын эске салып, Акаев Кыргызстанга келсе, анын жакындарына козголгон ишке тиешеси бар-жогу тууралуу суракка алынарын эскертип коюп турат.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов мурдагы мамлекет башчы Атамбаевге чыккан сот өкүмү тууралуу комментарий берип жатып, бул иштин козголушунун себептери боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

«Эгерде Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев бири-бирине душман болуп кетпегенде бул иштин бети эч качан ачылмак эмес. Ошондуктан кааласак да, каалабасак да эки кишинин жеке маселеси турат. Албетте, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлүн абактан чыгарып жиберүү Конституцияга, мыйзамга, кыргыз юстициясына каршы иш болгон. Бул – Атамбаевдин бийлиги тушунда кетирилген орой кемчиликтердин бири. Батукаев ким тарабынан, кантип чыгарылганы тууралуу күдүк ойлор жаралганы менен учу барып жетинчи кабатка такаларын баары билип эле турушкан. Бул иш эки дос душманга айланганы үчүн ачыкка чыгып, юридикалык баасын алып жатат».

Батукаевдин иши боюнча шек саналган мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 млн. сом айыпка жыгылды.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен ал жазадан бошотулду. Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга соттолду. Ал тергөө абагында жазасын өтөп бүткөндүктөн бошотулду.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кылмыш ишинде жалпы 19 кишиге айып коюлган. Анын ичинен 13 адам тергөө менен кызматташканы үчүн иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.

2013-жылы Батукаев абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин бул иштин чоо-жайын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу иш чала-чарпыт тергелип калды деп нааразы.

Турсунбай Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу.

«Таңкалычтуусу биз бул иш боюнча 27 адам жоопкерчиликке тартылышы керек деп тизмени берсек, азыр 19 кишиге гана айып коюлду. Анын ичинен көбү акча төлөп эле чыгып кетип, кээ бири иштин мөөнөтү өттү деп бошоду. Кыргызстандын атына көө жапкан ишти акча менен да өлчөсө болобу? Канча акча төлөсө да баары камалышы керек эле. Азиз Батукаев болсо күлүп отурат. Алмазбек Атамбаев гана 11 жылга кесилгени бул элде «иш Атамбаевди гана камаш үчүн кайра козголуптур» деген сөздү күчөттү. Ал эми тергөө менен кызматташкан адамдар убагында бул ишке Алмазбек Атамбаевдин, Индира Жолдубаеванын да тиешеси бар экенин жашырып, калп айтышканы үчүн жооп бериш керек».

Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча тергөөдө да, сотто эч кандай көрсөтмө берген жок. Акыркы сөзүн айтуудан да баш тартты.

Кой-Таш окуясы боюнча да сотко катышпай турган болду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев партиялаштары менен.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев партиялаштары менен.

Батукаевдин иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратты. Өзүнө жана жакындарына таандык мүлктү конфискация кылды. Алар:

  • Toyota Land Cruiser автоунаасы, 2000-жылы чыккан;
  • Mitsubishi Pajero автоунаасы, 1997-жылы чыккан;
  • Toyota Land Cruiser автоунаасы, 1998-жылы чыккан;
  • MAN автоунаасы, 1993-жылы чыккан;
  • BMW X-53 автоунаасы, 2001-жылы чыккан;

Үй жана жер тилкелери:

  • Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы эки жер тилкеси;
  • Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылындагы жер тилкеси;
  • Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы жайыт;
  • Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы жер тилкеси;
  • Кой-Таш айылындагы көп жылдык бак тигилген аймак;
  • Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоочу жай;
  • Арашан айылындагы турак жай;
  • Арашан айылындагы көп жылдык бак тигилген аймак;
  • «Медиа Форум» ачык акционердик коому;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү эки жер тилкеси;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү имарат;
  • «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы» ачык акционердик коому;
  • Чолпон-Ата шаарындагы бүтө элек эки объект;
  • Ысык-Көл районундагы эки жер тилкеси;
  • «Апрель ТВ» ЖЧКсы;
  • «Апрель» ЖЧКсы;
  • «Канал Д» ЖЧКсы;
  • «Кыргызавтомаш» ишканалар ассоциациясы;

Акциялар, банк уячалары, Кыргызстандын бардык аймактарында ачылган эсептер.

1. «Кыргызкоммерцбанк»

2. «Кыргызстан» коммерциялык банкы

3. «Оптима Банк»

4. «Кыргыз-Швейцария банкы»

5. «Капитал Банк»

6. «Аманбанк»

7. «Толубай» акционердик коммерциялык банкы

8. «РСК Банк»

9. «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»

10. «БТА Банк»

11. «Дос-Кредобанк»

12. «ЭкоИсламикБанк»

13. «Евразия сактык банкы»

14. «Азия Банкы»

15. «Бакай Банк»

16. «Халык Банк Кыргызстан»

17. Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы

18. «Кыргыз инвестициялык-кредит банкы»

19. «ФинансКредитБанк»

20. «Айыл Банк»

21. «Росинбанк»

22. «Бай-Түшүм» банкы

23. «ФИНКА Банк»

24. «Чанг Ан Банк»

25. «Банк Компаньон»

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG