Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Жетинчи күндүн адвентисттеринин өзгөчөлүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Биз жана дин» түрмөгүндө протестант агымынын бир багыты болгон жетинчи күндүн адвентисттери жөнүндө кеп кылабыз. 

Адвентисттик окуунун пайда болушун, анын диний жөрөлгөлөрүн, дүйнө жүзүнө таралышын жана бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы абалын айтып беребиз. Автор макаланы бир канча тарыхый булактардагы маалыматтардын негизинде даярдады.

Жетинчи күндүн адвентисттери - АКШда 1830-жылдары пайда болгон протестантизмдин бир багыты. Алар XVII кылымдагы христианчылыктагы реформалардын улантуучулары, экинчи толкундун протестанттары болуп эсептелет. Баптист пастору Уильям Миллер уюмдун негиздөөчүсү болуп саналат.

«Адвентист» деген аталыш латын тилинен алынып, «келүү, келе жатат» дегенди билдирет. Жетинчи күндүн адвентисттери Ыйса пайгамбардын экинчи жолу келишине ишенишет. Дүйнөнү Кудай ишемби күнү – жуманын жетинчи күнү толук жаратканына өзгөчө урмат менен мамиле кылган христиандар.

Жетинчи күндүн адвентисттеринин окуусунун негиздери

Жетинчи күндүн адвентисттеринин диний окуусу баптизмге жакын. Христиан доктринасына ылайык алар Кудайдын үчилтигине ишенишет. Ыйса пайгамбардын кереметтүү төрөлүшүн, анын жалпы адамзаттын күнөөсү үчүн курмандыкка барышын, ишеним аркылуу азаптан кутулушун таанышат. Инжилдин жеткиликтүүлүгүн, Ыйсага болгон ишенимди аң-сезим менен сезип-билип, аны кабыл алууда «чөмүлтүүнүн» зарылдыгын белгилешет.

Алардын ишмердүүлүгүнүн маңызын чиркөөнүн акыркы күндөрүндө «пайгамбардык касиетке» болгон ишеним түзөт. Бирок бул ишенимди протестантизмдин башка бутактары анча кабыл албайт. Адвентисттер мындай касиет Елена Уайтка берилген деп, аны «Кудайдын кабарчысы» катары таанышат. Диний окуусу Е. Уайттын пайгамбарлыгына негизделген, анын эмгектери «акыйкатты таанууда, Ыйык Жазууну түшүнүүдө, уюмдун мүчөлөрүнүн күнүмдүк жашоо эрежелерин камтыган башкы булак» деген пикирди карманышат.

Жетинчи күндүн адвентисттери өздөрүн кыямат күнү бирден-бир куткарылуучу адамдар, чыныгы ишенимдегилер деп эсептешет. Башкы миссиясы «Ыйсанын кайтып келишине, кыяматтагы суракка күбө болуу» деп ишенишет. Жалпы христиандар үчүн милдеттүү болгон тозок, бейиш түшүнүктөрүн, адамдын өлбөстүгүн четке кагышат. Адвентисттердин ишеними боюнча «өлүм бул - жок болуу, Ыйсанын экинчи келишинде ага болгон ишенимди таза кармагандарды ойготуучу, тирилтүүчү түбөлүктүү уйку» деген пикирде болушат.

«Ыйса өзүнө берилгендерди гана асманда тосуп алат. Күнөөлүүлөр жок болуп, жер шайтанга жана куулган периштелерге берилет. Асмандагы миң жылга созулган Ыйсанын падышачылыгынан кийин ал кайра кайтып келет. Жердеги бардык күнөөкөр адамдар кайрадан тирилет. Шайтан жана анын күнөөгө баткандыгы үчүн Кудай тарабынан куулган периштелери менен согуш аягына чыгарылат. Жер жүзү бардык булганычтардан жана күнөөлөрдөн тазартылат» деген ишенимди да карманышат.

Инжилдеги «адамдын денеси – бул Ыйык Рухтун храмы» деген сөздү адвентисттер материалисттик көз карашта түшүнүшөт. Бул храмды тазалыкта жана ыйыктыкта сакташ үчүн алар «таза эмес тамактарды» - алкоголдук ичимдиктердин бардык түрлөрүн, тамеки жана баңгизаттарды колдонуудан баш тартып, ден соолугуна өзгөчө кам көрүшөт.

Диний тажрыйбалар жана ырым-жырымдар

Жетинчи күндүн адвентисттери эки сырдуулукту – «чөмүлтүүнү» жана «тазаланууну же Кудай менен биригүү кадаасын» таанышат. Мындан сырткары, бутту жууган жөрөлгөнү да колдонушат. Чөмүлтүү бойго жеткендерди сууга үч жолу толук чумкутуу менен ишке ашырылат. Тазалануу бардык адвентисттер тарабынан жылына төрт жолудан кем эмес жолу аткарылат. Сыйынуу учурларында Ыйса Машаяктын жана периштелердин аларга көз салып турушуна ишенгендиктен ырым-жырымдарды өтө берилип аткарууга басым жасашат.

Адвентистттердин майрамдары негизинен Эски Осуяттагы Пасха, Элүүнчү күн, жердеги ыйык жайларды тазартуу сыяктуу окуялар менен тыгыз байланыштуу.

Жетинчи күндүн адвентисттеринин иерархиялык түзүмү

Дүйнө жүзүндөгү жетинчи күндүн адвентисттери АКШдагы чиркөөлөрдүн генералдык конференциясына баш ийишет. Андан кийин чөлкөмдүк униондук (бириктирилген) - кошуна турган өлкөлөрдүн башын кошкон конференциялар бар. Конференция бир аймактагы жамааттардын пресвитерлерин бириктирип, аны пастор жетектейт. Жамааттар болсо 80-90 адамдан куралып, пресвитерге баш ийет. Бул жамааттардын аткаруучу органы - дьякондор комитети. Комитеттер өз карамагындагы динчилдердин руханий жана күнүмдүк керектөөлөрүнө - сыйынуу, материалдык муктаждык, оору-сыркоо учурунда, аялуу катмардагы кишилерге каражат чогултуу сыяктуу иштерди аткарышат.

Жамааттын башында турушкан пресвитерлер менен дьякондор диний уюмдун бардык мүчөлөрү ишемби күндөгү сыйынууга милдеттүү түрдө катышуусуна көзөмөл кылып турушат.


Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын конференциялары биригип, Түштүк униондук конференциясын түзөт. Мурдагы СССРдин жалпы аймагында мындай конференциялардын саны - 12. Өз кезегинде алар Чиркөөлөрдүн генералдык конференцияларынын Евразиялык бөлүмүнө бириктирилген. Дүйнө боюнча жетинчи күндүн адвентисттерине таандык ондон ашык ушундай чөлкөмдүк бөлүмдөр бар.

Мындай түзүлүш жетинчи күндүн адвентисттерине тиешелүү бардык жамааттардын ишин так жөнгө салууга жана каржылоого ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. Айтсак, Инжилдеги бир тема бир эле учурда бүткүл дүйнө боюнча бардык ишембилик мектептерде окутулат.

Жетинчи күндүн адвентисттеринин жер жүзү боюнча бардык социалдык ишмердүүлүгү ADRA (Адвентисттик өнүктүрүү жана көмөк көрсөтүү агенттиги) тарабынан уюштурулат. Кайсы аймакка кандай материалдык жана гуманитардык каражаттарды бөлүү зарылдыгын ушул агенттик аныктайт. ADRAнын дүйнөдөгү 120 уюмунун бир филиалы Кыргызстанда да иш жүргүзөт.

Бүткүл дүйнө боюнча адвентизмдин тарапкерлеринин саны 20 миллиондон ашып, алардын 99% жакынын жетинчи күндүн адвентисттери түзөт.

Кыргызстандагы жетинчи күндүн адвентисттери

Кыргызстандын аймагында адвентисттер XX кылымдын башынан бери иш жүргүзүп келишет. Алардын биринчи жамааты 1915-жылы каттоодон өткөн. Ага Орловка кыштагындагы негизинен немис-баптисттерден турган 50 адам кирген.

Совет бийлигинин алгачкы жылдарында жалпы динге каршы саясат жана репрессиялар, негизинен православ чиркөөсүнө каршы багытталгандыктан, башка христиандык чиркөөлөр көз жаздымда калган. Ошол убакта адвентисттер жигердүү иш алып барышкан.

1930-жылдары бардык диний үгүткө тыюу салынган. Советтер Союзунун аймагындагы адвентисттик уюмдардын кайра жандануу жараяны согуштан кийинки убакка туура келген. Бирок алар мамлекеттик каттоодон өтпөстөн, жарым-жартылай легалдуу иш жүргүзүшкөн.

1946-жылы Бүткүл Союздук жетинчи күндүн адвентисттеринин кеңеши түзүлүп, ал 1960-жылы таркатылган. Совет бийлигинин тушунда Кыргызстандагы адвентисттик кыймылдын формалдуу эмес борбору Кара-Балта шаарында болгон.

1981-жылы Советтер Союзундагы жетинчи күндүн адвентисттеринин чачыранды уюмдары Генералдык конференциянын Евроазиялык бөлүмүнө биригишкен. Ушул эле убакта Бишкекте алардын сыйынуу үйү курулган.

2000-жылдардагы өлкөдөгү орус тилдүү калктын башка мамлекеттерге чыгып кетишинин натыйжасында жетинчи күндүн адвентисттеринин чиркөө мүчөлөрү да азайууда. Кыргызстанда бул уюмдун бардык ишмердүүлүгү орус тилинде жүргүзүлөт.

Жетинчи күндүн адвентисттеринин Түштүк конференциясынын президенти Роман Алексейкин өз уюму тууралуу мындай маалымат берди:

Роман Алексейкин.
Роман Алексейкин.

«Биздин уюм Юстиция министрлигинен 1997-жылдын 1-декабрында катталып, ал эми 1998-жылдын 24-мартында кайра каттоодон өткөн. Дин иштери боюнча комиссияда эсептик каттоодон 1997-жылдын 1-декабрында өткөнбүз. Өлкө боюнча 24 уюм диний каттоодо турат. Факт жүзүндө 10 жамаат, тогуз топ иш жүргүзөт. Сыйынуучуларыбыздын жалпы саны 646 адамды түзөт. Чиркөөлөрүбүзгө орус, немис, украин, поляк, кыргыз, казак, башкыр, татар улуттарынын өкүлдөрү келишет. Диний жөрөлгөлөрүбүз Кудайга табынуудан – ырдоодон, руханий насааттан, сыйынуудан турат. Кыргызстандагы түрдүү диний бирикмелерге, башка адамдардын диний тандоосуна сый-урмат менен мамиле кылабыз. Жамааттарыбызда эч кандай олуттуу маселе жок».

Өлкөдөгү жетинчи күндүн адвентисттеринин пасторлору, пресвитерлери, миссионерлери диний билимге ээ. Алар Орусиянын Тула шаарына жакын жайгашкан Заока диний академиясында окушат. Ушул эле жерде жаштар үчүн жайкы мектептер да уюштурулат.

Жетинчи күндүн адвентисттеринин чиркөөлөрү бул уюмга мүчө болгон адамдан милдеттүү түрдө алына турган ондуктун, башкача айтканда кирешесинин ондон бир бөлүгүн диний жамааттын пайдасына чогултуу практикасынын эсебинен иш алып барышат. Бирок бул каражаттар ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашырууга жетишсиздик кылат. Андыктан Кыргызстандагы жетинчи күндүн адвентисттеринин социалдык ишмердүүлүгү ADRAнын эсебинен да каржыланып турат. Көпчүлүк учурда өз динин таркатууга багытталган миссионердик ишмердүүлүк адамдарга кандайдыр бир жардам көрсөтүү учурунда жеке маектешүү менен ишке ашырылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG