Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Батыш өлкөлөрү Навальныйдан улам Орусияга каршы чогуу чара көрөт


Алексей Навальный азыр Берлиндеги ооруканада оор абалда комада жатат.
Алексей Навальный азыр Берлиндеги ооруканада оор абалда комада жатат.

Германия Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйдын нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын билдиргенден кийин Батыш өкмөттөрү Орусияга каршы биргелешип чара көрүүнү караштырып жатат.

2-сентябрда немис канцлери Ангела Меркел Берлин Еврошаркет жана НАТОдогу өнөктөштөрдү маселе тууралуу кабардар кылганын айтты.

"Алексей Навальныйды «Новичок» тобуна кирген нервди шал кылчу зат менен ууландырышкан. Ал уулу агентти тест жасап аныктаса болот. Ошентип Навальный кылмыштын курмандыгы болуп калганын так айта алабыз. Анын оозун жабууну көздөшкөн. Мен жана Германия өкмөтү андай аракетти катуу айыптайбыз", - деди канцлер.

Ага чейин немис өкмөтү аскердик лабораторияда жасалган тестке таянып, орусиялык оппозиционердин «Новичок» деген химиялык куралга окшогон зат менен ууландырылгандыгын тастыктаган далилдер барын билдирген. Сөз болгон курал СССРде иштелип чыгып, буга чейин орус бийлигинин оппоненттерине каршы пайдаланылган деген шек саноолор болгон.

Бул окуядан кийин Батыш Москвадан ачык-айкын иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, тараптардын мамилелери дагы чыңалышы мүмкүн.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Навальныйдын ууландырылганы тууралуу маалымат фактылар менен бышыкталбаганын айтып жооп берди. Тышкы мекеме Германия окуяга байланышкан маалымат менен бөлүшкүсү келбейт деп доомат артты.

Эки жыл мурда Британиянны Сослсбери шаарында орусиялык атайын кызматтын агенттери мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен кызын ууландырууга аракеттенишкен. Экөө тең ооруканада дарыланып чыгышкан. Андан тышкары дагы үч британ жараны ууланып, бирөө каза болгон.

Расмий Лондон алар Советтер Союзунда жасалган «Новичок» затына уукканын билдирип, Кремлди айыптап келет. Москва айыптоону четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG