Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Сот Михаил Ефремовду күнөөлүү деп тапты


Михаил Ефремов.

Москванын Пресненск райондук соту актер Михаил Ефремовду адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына күнөөлүү деп тапты. Судья ушул тушта өкүмдү окуп жатат жана аны кандай жазага тартары азырынча белгисиз.

Соңку сот жараянында Ефремов өзү да айыбын мойнуна алган жана прокурорлор аны 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен.

Прокурорлор кырсык учурунда актёр мас абалында, баңгизат чегип алганын, уруксат берилген ылдамдыктан ашырып айдаганын, ошондон улам машинесин башкара албай калганын айтышкан. Ефремов буга чейин үй камагына алынып, анын мөөнөтү эмдиги жылдын 22-январына чейин узартылган.

Адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы быйыл 8-июнда Москвада болгон. Тергөөнүн версиясына караганда, актёр ичкилик ичип алып рулда баратканда жолдун каршы тарабына чыгып кеткен жана чакан фургонду сүзгөн. Кырсыктан кийин анын айдоочусу Сергей Захаров көз жумган.

Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Ефремов театрдагы жана кинодогу ролдорунан тышкары көпчүлүккө сатиралык долбоорлор менен таанылган.

XS
SM
MD
LG