Кытай менен Индия чек арадагы талаштуу тилкедеги соңку чыңалган абалга байланыштуу бири-бирине доомат артты. Кабарларга караганда өзөктүү эки державанын аскерлери эскертүү ирээтинде, асманга карай ок атышкан.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги индиялык аскерлерди 8-сентябрда эки өлкө ортосундагы көзөмөл тилкесинен мыйзамсыз өтүп, атайылап эскертүү иретинде асманга ок атканын айыптады.
Индиянын расмий өкүлдөрү бул маалыматты четке кагып, тескерисинче кытай аскерлери индиялыктардын чек ара бекетин куурчап алууну көздөп «олуттуу чагымга» барганын билдиришти.
Курман болгондор тууралуу маалымат эки тараптан тең түшкөн жок.
Майда чек арадагы Ладакха аймагында эки өлкөнүн аскерлери кагылыша кетишкен. Анда Нью-Дели 20дай аскерин жоготконун билдирген.
4-сентябрда Кытай менен Индиянын коргоо министрлери жолугуп, бул боюнча орток пикир таба алышкан жок.
Эки мамлекет Галвандагы чек ара тилкесин 1962-жылдагы жаңжалдан кийин демаркациялаган. Ал кагылышта Индия жеңилип калган жана Нью-Дели Бээжинге 38 миң чарчы чакырым жерин ээлеп алганы боюнча доомат коюп келет.