Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында чет өлкөдөгү шайлоо участокторун жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселеси талкууланды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсүнө шарт түзүү, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча Тышкы иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы угулганын кабарлады.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байланыштуу чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу ачылган. Чет жакта ачылган шайлоо тилкелеринин көпчүлүгү - Орусияда. Быйыл Италиядагы жана Франциядагы кыргызстандыктар алгачкы жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Буга чейин БШК кыргызстандык шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылыш үчүн Рим жана Париж шаарларында добуш берүү участокторун ачуу макулдашылганын билдирген.
Миңдеген мигранттар ар кандай себептерден улам Кыргызстандагы шайлоого катыша албай калган учурлар бар. Ушундан улам Орусиядагы мекендештер кыргыз бийлигине Интернет аркылуу добуш берүүнү сунуш кылышкан.
Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышып жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.
Кыргызстанда бул жолку парламенттик шайлоо коронавирус пандемиясы учурунда өткөнү жатат. Саламаттык сактоо министрлиги буга байланыштуу шайлоо тилкелеринде санитардык-гигиеналык талаптар сактылышы зарыл экенин эскертүүдө. (BTo)