Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Кыргызстанда COVID-19 дагы 53 кишиден аныкталды


Кыргызстандык дарыгерлер.
Кыргызстандык дарыгерлер.

Кыргызстанда 13-сентябрга карата коронавирус дагы 53 кишиден аныкталды. Каза болгондор жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы катталган 53 адамдын көбү Бишкек шаарында – 11 адам. Жалал-Абадда он, Ысык-Көлдө тогуз, Баткенде сегиз, Чүйдө жети, Ош облусунда үч, Нарын жана Ош шаарында экиден жана Таласта бир адамдан вирус табылды. Вирус жаңы аныкталгандардын ичинен бирөө медициналык кызматкер.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 881 адамга жукту, алардын 40 922и айыкты, 1 063 бейтап каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 509 бейтап ооруканаларда, 1973 бейтап үйүндө дарыланууда.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок эл көп катышкан иш-чараларга чектөөлөр бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG