Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

COVID-19: Кыргызстанда соңку суткада дагы 73 кишиден коронавирус табылды


Адистер коронавирусту жайылтпоонун бир жолу катары коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде беткап кийүүнү сунуш кылышат.
Адистер коронавирусту жайылтпоонун бир жолу катары коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде беткап кийүүнү сунуш кылышат.

Кыргызстанда 16-сентябрга карата 73 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 072 кишиге жетти. Алардын 41 210 сакайып, 1063 жашоо менен кош айтышты.

Кырдаал Баткен облусунда башка аймактарга салыштырмалуу курч болуп турат. Соңку суткада илдет жуккандардын ичинен жетөө - медицина кызматкери, баары Баткенде иштешет.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3181 учур катталды, алардын ичинен 2729 медкызматкер айыгып, жетимиштен ашууну көз жумду.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 16-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 29 миллиондон 570 миңден ашты. Алардын 935 миңге жакыны көз жумду, 20 миллиондон көбү айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG