Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Үч партия шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча президентке кайрылды


Алдыдагы парламенттик шайлоонун логотиби.
Алдыдагы парламенттик шайлоонун логотиби.

«Реформа», «Чоң Казат» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партияларынын өкүлдөрү 25-сентябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу, шайлоочуларды ташуу сыяктуу мыйзам бузууга каршы туруш үчүн күч-аракеттерин бириктиргенин билдиришти.

«Чоң Казат» партиясынын өкүлү Замир Абдыкадыров басма сөз жыйынында шайлоо күнү бардык добушканаларда оппозициялык партиялардын байкоочуларынын бирдиктүү иш жүргүзүшү үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Жыйында аталган үч партия тилектештик тууралуу мемарандумга кол койгону белгилүү болду.

«Реформа» партиясынын өкүлү Акжолтой Тукунов үч партия шайлоодогу мыйзам бузуунун алдын алуу тууралуу талап менен президент Сооронбай Жээнбековго, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабековага ачык кайрылып жатканын маалымдады. Анын айтымында, партиялардын арасында жарандардын паспортторун чогулткан учурлар байкалып жатат. Шайлоодо «айлампа» ыкмасы колдонулушу ыктымал.

24-сентябрда башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу жалпы жонунан 82 кылмыш иши жана жоруктар боюнча 46 материал прокуратуранын өндүрүшүндө экенин билдирген.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (NT)

XS
SM
MD
LG