Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

«Биримдиктин» төрагасы самаган «евразиячыл интеграция»


«Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкулов Интернетте тараган чуулгандуу видеосу тууралуу билдирүү таратты. Анда Аманкулов сөзү бурмаланып калганын, видео чагым болуп саналарын билдирет.

Мындан мурдараак социалдык тармактарда партия лидеринин чет элдик делегация менен жолугушууда “Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү” деген мааниде сүйлөгөнү тартылган тасманы ушу тапта кыргыз коомчулугу кызуу талкуулап жатат.

Эксперттер болсо саясий партиялар тигил же бул идеянын маани-маңызын так түшүнбөй эле эл алдында сүйлөй беришкенин сындашат.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан “Биримдик” партиясынын расмий өкүлү Адилет Султаналиев Интернетте тараган чуулгандуу видео бир жыл мурдагы жолугушууда тартылганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Аманкулов 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылын өткөрүү алдында Москвадагы маданий иш-чарада сөз сүйлөгөн.

«Ошол иш-чарада жалпы евразиялык цивилизациялык мейкиндикти жана калктардын тарыхый-маданий байланыштарын эске алуу менен тарыхый-маданий маселелер боюнча кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланган. Менин айтканым Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы төрагасы, Кыргызстандын алп досу, Алтай цивилизациясы идеясынын жактоочуларынын бири Иван Итулович Белековдун терең сөзүнө жооп болчу. Ал биздин жалпы тарыхыбыз, кыргыздар менен Евразиянын калкынын жалпы тамыры, Эне-Сайдан Каспийге чейин созулган Кыргыз каганатынын ролу, байыркы Евразиянын тарыхы тууралуу сүйлөгөн. Менин сөзүм контексттен суурулуп алынып, шайлоо өнөктүгүндө кээ бир саясий күчтөрдүн жаман технологиялары үчүн пайдаланылууда”, - деп айтылат Аманкуловдун билдирүүсүндө».

Расмий кайрылууда ошондой эле «Биримдик» партиясы улуттук платформага негизделерин жана анын башкы баалуулуктары эгемендик, суверенитет, аймактык бүтүндүк жана Кыргызстандын элинин улуттук кызыкчылыктары экени көрсөтүлөт.

Мунун алдында Интернетте Аманкулов жолугушууда сүйлөп жаткан кыска видео тараган. Анда ал «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен калктардын ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген. Аманкулов андан ары өзү төрагасы болгон «Биримдик» партиясы тууралуу айтып, анын башкы идеясы «Евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалаган.

«Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз кыргыздар өзүбүздү субъект катары жоготуп албаш үчүн, чогуу интеграцияланышыбыз керек», - деген Марат Аманкулов.

Ошондой эле Аманкулов иш-чарада “Дугинге окшогон окумуштууларды жана философторду чакырууга белсенип жатканын билдирген.

Аманкулов жолугушуу 2019-жылы болгонун айтууда. Бирок Жогорку Кеңештин сайтында дал ушундай иш-чара 2020-жылы февраль айында өткөнү тууралуу жаңылык жарыяланган. Андай болсо Аманкулов жогорудагы пикирин парламенттик шайлоо өтчү жылы билдиргенин жашырып, коомчулукту адаштырып жаткандай.

Жогорку Кеңештин сайтына февраль айында чыккан маалымат.
Жогорку Кеңештин сайтына февраль айында чыккан маалымат.

Эске салсак, 18-сентябрдагы КТРКда өткөн телетаймашта «Чоң казат» партиясынын талапкери Бекжан Рысмендеев «Биримдиктин» туу туткан “Евразиячыл” идеясын орусиялык политтехнолог, философ Александр Дугин сунуш кылганын айткан. Бирок «Биримдик» партиясынын тизмесин баштаган Акылбек Жамангулов муну четке кагып, «партиянын идеологиясын түзүүгө кыргызстандык таанымал ойчул-илимпоздор жардам берип жатат» деп жооп узаткан.

Мындан сырткары Жамангулов Кыргызстан СССРдин тушунда гүлдөп-өскөнүн белгилеп, азыр да Евразия мамлекеттери менен тыгыз кызматташтыкта өнүгө ала турганын айткан.

«Демократиялык социализмди калыптандырабыз деген максатты көздөдүк. Экинчиси - евразиялык тандоо. Биздин өлкө илгертеден евразиялык мамлекеттер менен алакада болуп келген. Азыр да экономикада гана эмес, тышкы саясат, маданият жалпы карым-катнаштар кошуна мамлекеттер менен болот», - деген анда Акылбек Жамангулов.

Бирок Рысмендеев муну чоң өлкөгө жагынуу катары баалаган.

«Евразиялык жол - бул Орусияга жагалдануу. Бирок алар бул нерсеге көңүл бурбайт жана ишенбейт. Президенттин партиясы мандат үчүн ушуга деле макулбуз деп жатат. Эмки шайлоодо федерализация же губерния деп чыгабы?», - деп суроо берген.

Социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сөзү Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары бааланып жатканы байкалды. Бир катар саясатчылар менен активисттер буга байланыштуу өз ойлорун, сын-пикирин жазышты.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов эгемендикти эч нерсеге алмаштырууга мүмкүн эместигин белгиледи.

Кыяз Молдокасымов.
Кыяз Молдокасымов.

«Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө СССРдин орду өзгөчө чоң. Аны моюнубузга алышыбыз керек. Завод-фабрикалар курулган. Айыл чарба, билим берүү системасы өнүккөн. Бирок ал учурда кырдаал башка эле. Аны эгемендүүлүк менен алмаштырып, эски жолду эңсөө туура эмес. Эми өзүбүз жакшы жашоого баруу үчүн саясатыбызды аныкташыбыз абзел».

Марат Аманкуловдун дарегине айтылган сындардын арасында “Кыргызстандын эгемендигине шек келтиргени үчүн ал жоопко тартылышы керек” дегендер да болууда. Саясат талдоочу Эмилбек Жороев буларга токтолду.

«Марат Аманкуловдун сөзү сөзсүз түрдө экспертизадан өтүп, тиешелүү мекемелер чечим чыгарышы керек. Ал “Кыргызстан Орусияга кошулушу керек, 30 жыл бою эгемен болуп жүргөнүбүз жетишет” деп ачык эле айтты. Бул Кыргызстандын эмендүүлүгүнө шек келтирген ачык маанини туюндурган сөз. Аманкулов кандайдыр бир деңгээлде такшалып калган саясатчы. Муну мен укук коргоо органдарынын териштирүүсүнө калтырам. Сөзсүз талданышы керек. Мыйзам талаасында, кылмыш ишинин алкагында баа берилиши керек».

Мурдагы өкмөт башчы, шайлоого аттанып, андан кайра баш тарткан Темир Сариев Интернетте тараган кыска тасманы көрүп алып эле жыйынтык чыгарбай, окуянын чоо-жайына көңүл бурууга чакырды.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Үгүт иштеринде ар түрдүү популисттик сөздөр айтылып кетет. Балким муну байкап айтты же байкабай айтып алды. Кандай болгон күндө да эркиндикти жоготуп, башка өлкөгө кошулуп алалы деген туура эмес. Учурда социалдык тармактарда тарап жаткан видеону көпчүлүк ушундай мааниде кабыл алды. Мүмкүн Аманкулов башкача ойду айткандыр? Анткени анын кыска эле сөзүн угуп жатпайбызбы. Баарыбызда эле тажрыйба бар да. Саясатчылардын айткан сөзүнөн бир жерди жулуп алып тескери көрсөткөндөр да бар».

Буга чейин «Полис Азия» аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүндө партиянын программасындагы «демократиялык централизм» деп социалисттик идеологияны айтып жатышканын белгилеген.

«Ал маалда бийликтин вертикалы өтө күчтүү болчу. СССРдин аймагынын чоңдугунан авторитардык системага ушундай башкаруу ыкмасы зарыл болгон. Бүгүн евразиялык тандоо дегенде бир да партия анын маани-маңызын түшүнбөйт. Алар орустардын негиздемесин мисал келтиришет. Бирок бул тууралуу алгачкылардан болуп Гумилев, Назарбаев айтканын эстен чыгарып коюшкан. Анын ордуна советтик социалисттик идеологияны айтышат. Бул алар тараткан тексттерден гана эмес, ошол сенек доордун көрнөк-жарнактарын колдонуп жатышканынан көрүнөт».

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун орусиялык маалымат агенттиги менен болгон маеги да кыргыз коомчулугунда нааразылык жараткан. Анда экс-элчи «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү тууралуу сөз болуп жатканын» айткан.

Көп өтпөй Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Аттокуровдун сөзүн жокко чыгарып, «Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген» деп маалымат тараткан.

Марат Аманкулов 1970-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган. Кесиби юрист. Бишкек шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты. 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДП партиясынан депутат болуп келген.

Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, «Биримдик» партиясынын төрагасы.

Эске сала кетсек, бул Марат Аманкуловдун Орусияга байланыштуу аты чыккан биринчи чыр эмес. Ал аннексияланган Крымга 2017-жылы барганы үчүн Украинага кирүүгө тыюу салынган эки депутаттын бири.

Анда ал Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Ирина Карамушкина менен Крым жарым аралына барган. Карамушкина жарым аралга жеке сапары менен барышканын, чыгымды Марат Аманкулов көтөргөнүн билдирген. Аманкулов да муну бышыктап, ал жакта жергиликтүү эл менен жолугуп, ал-абалын сураганы менен саясий билдирүү жасабаганын айткан эле.

Мындан кийин Украинанын ошол кездеги президенти Петро Порошенко өлкөгө беш жылга чейин киргизилбей турган 2000 адам тууралуу кол койгон жарлыкка экөө да кошулганы кабарланган.

Аманкуловдун сөзү соцтармакты будуң-чаң түшүрдү

Социалдык тармактарда муну Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сын-пикирлер айткандар көп болууда.

Алмазбек Бейшеналиев:

Орускулдарга илимий жооп: Евразиячылдык (Евразийство)- бул Батыш менен адаптация боло албаган Орусиянын өз кызыкчылыгына Чыгыш, анын ичинде Борбордук Азияны жетелеген Орускулдарга илимий жооп: Евразиячылдык (Евразийство)- бул Батыш менен адаптация боло албаган Орусиянын өз кызыкчылыгына Чыгыш, анын ичинде Борбордук Азияны жетелеген саясий кыймылы, түшүнүгү жана аянтчасы катары баалоого болот. Ал жерде ал курамга жетеленгендердин жыргалчылыгы, эркиндиги жана укуктары эмес, гегемон орус элинин приотеттери башкы максат катары коюлган.

Дастан Бекешев

Жакырчылык жана өлкөнү башкарууга жөндөмсүздүк Кыргызстандын суверенитетине доо кетирүүдө.

Биз жарандар өлкөнүн көз карандысыздыгын аяр тутууга тийишпиз. Канча деген эл эгемендикке ээ болуп, кымындай аймакка ээ болуу үчүн кан төгүп атышат. Биз болсо мамлекетибизди кимдир бирөөгө табакка салып карматабызбы?

Андыктан 4-октябрда акча үчүн, буйрук үчүн эмес, абийир үчүн добуш бериңиздер!

XS
SM
MD
LG