Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Швейцарияда Евробиримдик менен келишимди токтотуу колдоо тапкан жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Швейцарияда жекшембидеги референдумда адамдардын ээн-эркин катташы тууралуу Европа Биримдиги менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча сунуш колдоо тапкан жок. Добуш берүүдө шайлоочулардын 62% келишимди күчүндө калтырууну жактады, ага 38% гана каршы болду.

Референдум башкаруучу коалицияга кирген оңчул Швейцария элдик партиясынын демилгеси менен өттү. Бул партия 1999-жылы түзүлгөн бул келишим өлкө бийлигине миграцияга көзөмөл жүргүзүүгө тоскоолдук кылат деп эсептейт.

Швейцария Европа Биримдигинин мүчөсү эмес, бирок уюм менен түзүлгөн эки тараптуу миграциялык макулдашууларга ылайык, шаркеттин курамындагы мамлекеттердин жарандары жана швейцариялыктар бири-бирине ээн-эркин каттап, жашап, иштей алышат.

Швейцария Шенген зонасына 2008-жылы кирген. Бул мамлекетте Евробиримдикке кирген мамлекеттерден келген бир миллиондон ашык адам жашайт. Шаркетте 450 миңдей швейцариялык иштеп, жашап жүрөт.

Референдумда башка маселелер да коюлган. Анда шайлоочулар жаңы аскер учактарын сатып алууну колдоду, ал эми үй жаныбарларына коркунуч туудурган карышкырларды атуу эрежелерин жумшартуу колдоо тапкан жок.

XS
SM
MD
LG