Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

Сооронбай Жээнбеков: Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү


Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилерин кабыл алды. 5-октябрь, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилерин кабыл алды. 5-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана башка бир катар эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилерин кабыл алды.

Байкоочулар мамлекет башчыны парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алганы менен куттукташты. Алар шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлде уюштурулуп, добуш берүү жараяны заманбап техниканы колдонуу менен ачык жана таза өткөнүн айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен кыргыз өкмөтү пандемия шартына карабастан, жарандардын шайлоосу үчүн зарыл шарттарды түзө алышканын белгиледи. Мамлекет башчы ошондой эле шайлоо өнөктүгү учурунда бардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлүп, аларга шайлоочуларды программалары менен кеңири тааныштырууга мүмкүнчүлүк берилгенин маалымдады.

Мамлекет башчы эл аралык байкоочуларга ыраазычылык билдирип, муну эл аралык коомчулуктун колдоосу деп түшүнөрүн билдирди. Эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы парламенттик шайлоону ачык, эркин жана легитимдүү деп тааный турганын билдиришти.

4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага 16 саясий партия катышты.

БШКнын 5-октябрда берген баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген.

Бирок пайыздык босогодон өтпөй калган 11 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришүүдө. Ушу тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Кийинчерээк аянтка «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG