Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Беларус бийлиги эки оппозициячыл активистти үй камагына чыгарды


Александр Лукашенко түрмөдө оппозициялык активисттер менен жолугушту. 10-октябрь, 2020-жыл.
Александр Лукашенко түрмөдө оппозициялык активисттер менен жолугушту. 10-октябрь, 2020-жыл.

Беларус бийлиги оппозициядагы эки активистти түрмөдөн бошотту. Бир күн мурда Александр Лукашенко абактагы ондон ашуун оппозиционер менен жолуккан.

«Беларус-1» мамлекеттик телеканалы 11-октябрдын кечинде президенттикке талапкерлигин койгон Виктор Бабариконун шайлоо штабынын мүчөсү Юрий Васкрасенский менен «PandaDoc IT» компаниясынын директору Дмитрий Рабцевич үй камагына бошотулганын кабарлады.

9-августта Лукашенконун шайлоодогу күчтүү атаандашы болору айтылып келген банкир Бабариконун талапкерлигин Боршайком каттабай, добуш берүүгө чейин эле камалган.

Беларус оппозициясы Лукашенконун абакка барышын анын алсыздыгы катары сыпатташты.

Оппозициялык күчтөрдүн лидери Светлана Тихановская 10-октябрда билдиргендей, Лукашенко «буга чейин кылмышкерлер деп атап келгендерди саясий туткун катары тааныды». Ошондой эле Тихановская «түрмөдө диалог өткөрүүгө болбой турганын» кошумчалады.

Александр Лукашенко бул шайлоону жеңгенин билдиргени менен бир катар Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы мындай жыйынтыкты тааныган жок.

Беларуста 11-октябрда өткөн жүрүштө 586 адам кармалганын «Весна» укук коргоо уюму билдирди.

XS
SM
MD
LG