Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Садыр Жапаров: парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстанда парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. Бул тууралуу өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров "Инстаграмдагы" sadyr_japarov деген баракчасына жазды.

"Парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. 20-декабрда парламенттик шайлоо болот деп, туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин кудай буюрса, реформалар жүрөт. Андан кийин парламенттик шайлоо болот",- деген Жапаров.

"Инстаграмдагы" аталган аккаунт верификациядан өткөнүн тастыктаган расмий белги жок болгондуктан, "Азаттык" өкмөт башчынын басма сөз кызматына кайрылды. Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев аккаунт Садыр Жапаровдуку экенин, билдирүүнү ал өзү жазганын тастыктады.

Жапаров 23-октябрда өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда конституциялык реформа мыйзамга ылайык жүргүзүлөрүн, президенттик жана парламенттик шайлоо референдумдан кийин, мартка чейин өтөрүн билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзамга ылайык парламенттик кайра шайлоо 20-декабрда болушу керек деген токтом чыгарган. 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын токтомун мыйзамсыз деп тапты.

Ал арада шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 25-октябрда 48ге жетти.

22-октябрда парламентте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ага ошол эле күнү кол койгон.

Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, конституциялык реформадан кийин өткөрүлүшү керек.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган. (SE)

XS
SM
MD
LG