Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Дин жана саясат: Убада берүү кооптуу


Бишкекте 2014-жылы Курман айт учурунда тартылган сүрөт.
Бишкекте 2014-жылы Курман айт учурунда тартылган сүрөт.

Кыргызстандын жаңы өкмөтү дин саясатында кайсы маселелерге көңүл бурууга тийиш? Жаңы өкмөттүн диний саясатты жүргүзүүдөгү деңгээли кандай? Абал кандай өзгөрүшү мүмкүн?

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов, «Саресеп» маалымат-аналитикалык порталынын редактору Эсен Өмүракунов жана саясий илимдердин кандидаты Нургүл Эсенаманова талкуулады.

Канатбек Мурзахалилов: - Эсен мырза, учурдагы диний кырдаалды кандай баалайсыз?

Эсен Өмүракунов: - Кыргызстандагы диний абалды диний чөйрөдө калыптанган абалдын уландысы катары карашыбыз керек. Эң негизгиси, өлкөдө динчилдер кандайдыр бир өзүнчө тайпа болбой коомго аралашуусу зарыл.

Акыркы он жылда дин коомго кеңири сиңди. Ошондуктан коомдо кандай кубулуштар болсо, динге берилген адамдарда деле ошондой өзгөрүүлөр болду. Албетте, динди активдүү карманган мусулмандар 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоого түрдүү партиялар менен аттанышты. Мисалы, «Ыйман Нуру» партиясы. Анын динчилдигин, динге болгон жакын мамилесин аты эле ачык айгинелеп турат. Эми ошол партиянын жыйнаган добушун карасак. «Ыйман Нуру» көп жылдардан бери кыргыз саясатында иш жүргүзүп келген кээ бир күчтүү саясий партияларга караганда көбүрөөк, айрымдарына караганда азыраак добуш алды. Аталган тенденция буга чейин эле белгиленип келген диндин саясатташуу жараяны уланып жатканын көрсөттү.

Дин жана саясат: Убада берүү кооптуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:53 0:00
Түз линк

Азыркы учурда мамлекеттик кээ бир органдарга караганда диний тайпалардагы абал туруктуу болуп турат. Мисалы, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бүгүнкү күнгө чейин статус-квосун сактап калды. Түрдүү кырдаалга карабай муфтиятта эч кандай өзгөрүүлөр, анын ичинде кадрдык орун алмашуу болгон жок. Ушул убакытка чейин өз ишин кандай жүргүзүп келсе, ошол эле бойдон улантууда.

Канатбек Мурзахалилов: - Нургүл айым, сиздин оюңузча диний абал кайсы жакты көздөй баратат? Биз туура эле жолдобузбу?

Нургүл Эсенаманова.
Нургүл Эсенаманова.

Нургүл Эсенаманова: - Диний абал кандай бара жатканын айтуу кыйын. Анткени, азыр мамлекет кайсы жолдо баратканы түшүнүксүз болуп жатат. Деги эле коомдогу абал дагы эле бүдөмүк. Мындан кийин диний чөйрөдөгү абал кандай өзгөрөрүн да баамдап айтуу оор. Анын негизги себеби - өлкөдөгү кырдаалдын саат сайын өзгөрүп жаткандыгында. Учурдагы саясий кырдаал, өкүм сүрүп жаткан социалдык абал дин калктын бардык катмарына кеңири тарагандыгын, ар бир жерде диндин таасири бар экендигин көрсөттү.

Канатбек Мурзахалилов: - Октябрь окуяларынын натыйжасында өлкөдө бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз милдетин аткаруудан баш тартып, бийликке Садыр Жапаров келди. Жаңы өкмөт куралып, президенттик аппараттын курамы дагы жаңыртылууда. Эми мамлекеттин дин багытындагы саясаты кандай болот деп ойлойсуз?

Эсен Өмүракунов: - Учурдагы премьер-министр, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Садыр Жапаровдун ушул орунга келишине динчил жаштардын аракети айрыкча чоң болду. Азыркы кызмат, макам талашуу көрсөтүп жаткандай, динчилдигин билгизген, бирок диний маданиятты терең сиңирбеген, динди жана диний ураандарды саясат үчүн колдонуп жаткан жаштар бар экендигин көрүп жатабыз.

Мамлекеттин дин багытындагы саясаты кандай болот? Өлкөдө болуп жаткан окуялар дин чөйрөсүндө да кайталанчудай болуп турат. Азыркы кезде саясий жана экономикалык багыттагы таасирдүү макамдарды ээлөө башталды. Бул жараян муфтияттын жетекчилигине да тиешелүү болуп, аларды алмаштыруу боюнча аракеттер жүрүп жатканы байкалууда. Бул орун алмаштыруу канчалык деңгээлде ишке ашат? Муфтияттын, дин чөйрөсүнүн башында тургандар канчалык деңгээлде буга жол берет? Алдыда буга күбө болчудай болуп турабыз.

Канатбек Мурзахалилов: - Өзүнүн абалы, статусу боюнча жаңы түзүлгөн өкмөт мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясаттын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээби?

Эсен Өмүракунов.
Эсен Өмүракунов.

Эсен Өмүракунов: - Учурда жаңы түзүлгөн өкмөт мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясатын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө азырынча ээ эмес деп айтсак болот. 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоо аяктагандан кийин конституциялык өзгөртүүлөр болору айтылууда. Парламенттик шайлоо болсо 2021-жылдын биринчи жарым жылынан кийинки убакытка жылдырылып жатат. Бул убакыт аралыгында азыркы өкмөт иштеп турат. Ошондуктан кандайдыр бир сырткы факторлордун олуттуу таасири болуп кетпесе, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин диний багытта кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Диний чөйрөдө айрым «майлуу жерлердеги», статусу бар жетекчилердин орун алмашуусу менен гана чектелет деген ой бар.

Канатбек Мурзахалилов: - Жаңы бийликтин өлкөдөгү расмий ишин жүргүзүп жаткан диний уюмдар, айрыкча муфтият менен болгон мамилеси кандай өңүттө уланышы мүмкүн?

Нургүл Эсенаманова: - Жаңы бийликтин чечимдерин, иштеп чыккан программасын азырынча эч ким көрө элек. Ошондуктан өкмөттүн кайсы диний уюмдар менен мамиле курушун, кандай иш алып барарын жана диний саясаты кандай болорун так болжоп айтуу кыйын. Бирок динчил адамдардын, айрыкча мусулмандардын азыркы бийликке болгон үмүтү чоң экендиги сезилүүдө. Анткени социалдык тармактардагы, Интернет түйүндөрүндөгү видеолордо мусулмандардын жаңы бийликти кубануу менен жакшы кабыл алганы көрүнүп жатат. Бирок саясатчылардын динге болгон кийинки кадамдары, кандай саясатты тандашы белгисиз бойдон турат. Буга саясий кырдаалдын тез-тезден өзгөрүп жатканы себеп болууда.

Канатбек Мурзахалилов: - Деги эле Кыргызстанга мамлекеттин дин саясатын жүргүзгөн орган керекпи? Азыркы дин комиссиясынын ишинин эң негизги багыты кандай болуш керек?

Нургүл Эсенаманова: - Коомдо дин боюнча мамлекеттик орган керекпи же жокпу деген суроого ар кандай көз караштар бар. Коомдун басымдуу бөлүгү дин боюнча мамлекеттик орган керек деп эсептейт. Айрым кишилер балким демократиялуу алдыңкы мамлекеттерди карап, дин боюнча орган кереги жок деп айтышат. Диндин негизги ролу - мамлекет менен бирдикте социалдык өнөктөш болуп, коомдун биригүүсүнө, анын өнүгүшүнө салым кошуш керек деп ойлойм.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: - Көпчүлүк серепчилер диний абалды мамлекеттин коопсуздугунун бир компоненти катары карап келатышат. Ушул өңүттөн алып караганда жаңы өкмөт диний абалга жооптуу болобу?

Эсен Өмүракунов: - Бул жерде диний чөйрө менен динчил саясатчыларды эки бөлүп караш керек го. Диний жамааттар өздөрү байкоого албаса жаңы өкмөттүн жоопкерчиликтүү мамилесин дин багытындагы саясатта күтүү кыйын. Саясатчылардын максаты ашып кетсе беш-алты жылдык пландоо менен чектелет. Керек болсо, азыркы кезде андан да аз мөөнөттү божомолдогон саясий элиталарды көрүп жатабыз. Ошондуктан диний жамааттар узакка эсептелген стратегияларды иштеп чыгып, ага жараша өздөрү аракеттениши зарыл.

Коомдун фундаменталдуу маселелерине да көңүл бурса жакшы болмок. Жалпы коомчулуктун сабатын, маданиятын кандайдыр бир чектин ичинде өнүктүрүп келишкен болсо, эми аны кеңири форматта жасашы абзел. Батыштын өнүккөн мамлекеттеринде диний жамааттар кылымдарды камтыган узак мөөнөттүү стратегиялар менен иштешет. Биздин бийлик коомдун туруктуулугуна эң чоң салым кошкон Батыш өлкөлөрү сымал демократиялуу коом курууга, стратегияларга, диний саясатты жүзөгө ашырууга аракет кылышы керек.

Канатбек Мурзахалилов: - Учурда Кыргызстанда өз актуалдуулугун жоготпой, кайра күчөп жаткан диндин саясатташуу маселесине токтоло кетсек. Бул маселе боюнча, Нургүл, сиздин пикириңизди билейин дедим эле...

Нургүл Эсенаманова: - Азыркы учурда Кыргызстандагы эң маанилүү маселелердин бири - саясатчылар динди өзүнүн имиджин өстүрүү, саясий упай топтоо максатында колдонушу чоң коркунуч жаратышы мүмкүн. Саясатчылар элде жалган үмүттөрдү жаратып, алардын диний сезимдерин пайдаланышы да мүмкүн.

Эгер илимий изилдөөлөрдүн негизинде айта турган болсок, саясатта мындай нерселер кадимки эле табигый көрүнүш. Диний сезимдер менен ойноо жакшы нерсеге алып барбай тургандыгын саясатчылар түшүнүшү керек. Анткени диний көз караш менен берген убадаларын аткара албай калса, элдин диний ишенимине жана сезимталдуулугуна жарака кетет. Бул жакшы нерсеге алып барбайт.

Канатбек Мурзахалилов: - Мамлекеттин дин саясаты жаатында жаңы өкмөттөн жаңылыктарды, өзгөрүүлөрдү көрө алабызбы? Сиздин оюңузча ал кадамдардын негизин эмне түзүш керек?

Эсен Өмүракунов: - Жаңы өкмөттөн дин жаатында позитивдүү жаңылык же өзгөрүүлөрдү жакынкы бир жылда күтүү кыйын. Алдыдагы жылда бийлик үчүн статус-квону сактап калуу гана маанилүү болуп турат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын күчтүү, заманбап жана эң кеңири жайылган жамааттардын өкүлдөрү багыттап турат. Алдыдагы президенттик шайлоодо, конституциялык референдумда жана парламенттик шайлоодо электоралдык таасир жагынан караганда абалдын ушундай сакталып калганы туура болчудай көрүнүп жатат.

Жалпысынан алганда облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында казыяттарды, жергиликтүү мечиттердеги орундарды ошол жердеги таасирдүү фигуралар ээлеп турат. Ошондуктан жаңы өкмөттүн келерки жылкы эң алгылыктуу иши - бул диний чөйрөдөгү азыркы абалды өзгөртүүсүз сактап калганы туура болмок. Диний жамааттар да азыркы кырдаалда туруксуздукка, башаламандыкка салым кошпой, саясий оюндардан четтеп турганы оң.

XS
SM
MD
LG