Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Арменияда оппозиция кайрадан нааразылык акцияларын баштады


Еревандын борбордук аянтында чатырлар тигилген. 2020-жылдын 22-декабрынын кечи.
Еревандын борбордук аянтында чатырлар тигилген. 2020-жылдын 22-декабрынын кечи.

Арменияда оппозициянын тарапташтары 22-декабрда баш калаа Еревандын борбордук аянтына нааразылык акциясына чыгышты. Алар «Никол чыккынчы» деген ураандарды кыйкырып, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышты. Республик аянтына жакын жайгашкан өкмөттүн имаратын милициянын ыкчам тобу кайтарып турду.

Полиция демонстранттар борбордук аянтка тигип алган чатырларды кечкурун жыйнап кетүүнү талап кылды. Аянтка коопсуздук күчтөрүнүн улам жаңы бөлүктөрү келгени кабарланды.

Буга чейин ондон ашык саясий партия түзгөн оппозициянын коалициясы премьер Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, андай болбосо жалпы өлкө боюнча нааразылык акциясы өтөрүн эскерткен. Армян өкмөт башчысы кызматын тапшырбай турганын билдирип, өзүнө каршы талаптарды бийлигинен кол жууган мурдагы «элитанын» көтөрүлүшү катары сыпаттаган.

Ереванда акыркы бир айдан бери оппозициянын өкмөткө каршы жыйындары өтүп жатат. Алар Тоолуу Карабактагы алты апталык согушта армян тараптын жеңилип калышы үчүн премьер Пашинянды күнөөлөп, анын кызматтан кетишин талап кылууда.

Армения менен Азербайжандын талашына түшкөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрда башталган алты апталык согуш 9-ноябрда Орусиянын арачалыгы менен кол коюлган үч тараптуу келишим менен токтогон. Ага ылайык, жикчил Тоолуу Карабактын чет-жакаларындагы армян аскерлери көзмөлдөгөн үч район кайра Азербайжанга кайтарылды. 10-ноябрдан тартып тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери аймакка киргизилген.

XS
SM
MD
LG