Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Мамытов: Эң чоң улуттук байлыгыбыз — билимдүү жаштарыбыз


Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов балдарга арналган жаңы жылдык балатыда. Бишкек ш. 27-декабрь, 2020-жыл.
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов балдарга арналган жаңы жылдык балатыда. Бишкек ш. 27-декабрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 27-декабрда Бишкекте балдарга арналган президенттик балаты болуп өттү. Анда өлкөнүн туш тарабынан келген таланттуу кыздар-балдар оюн-зоок куруп, чоң концерт тартуулашты.
Аягында мамлекет башчысынын милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов куттуктоо сөз сүйлөп, өтүп бараткан жылы коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда көптөгөн көйгөйлөрдү, өзгөчө билим берүү жаатында бир топ түйшүктөрдү жаратканын белгиледи.

«Бирок силер кыйынчылыктарга карабай, заманбап технологиялар менен жаңы программаларды өздөштүрүп, замандын арышынан артта калбай окуп жатканыңыздар мени абдан кубандырат. Дүйнө жүзүндө эң кымбат нерсе — бул билим. Ошондуктан урматтуу балдарыбыз, жаштарыбыз, биз силердин келечекте ыймандуу, адептүү балдар болуп өсүшүңөрдү тилейбиз. Келечек жаштардыкы. Эртең силер мамлекеттин ээси болосуңар. Бирок ал үчүн көп эмгек кылып, көп билим алышыңар керек. Жаңы жылда жаңы кыялдар менен гана чектелбестен, ошол кыялдарга жетүүгө бардык аракетиңерди жумшагыла», — деди Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу келе жаткан Жаңы жылда Кыргызстандын балдары мектеп программаларын өздөштүрүп, көңүлдөрүнө жаккан китептерди көп окуп, кыйышпас досторду таап, татыктуу билим аларына тилектештигин билдирди.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарлагандай, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен быйылкы жаңы жылдык иш-чара онлайн форматта өттү.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен 2020-жыл Кыргызстанда балдарды коргоо жана колдоо жылы деп жарыяланган. Бирок укук коргоочулар өтүп бараткан жылы балдар зомбулуктан көп жабыркаган жылдардын бири болгонун белгилешүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG