Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Шайлоого карата 3 564 бюллетень кошумча чыгарылды


Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Ош шаарындагы добушкана. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Ош шаарындагы добушкана. Архивдик сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январдагы добуш берүүгө 3 564 бюллетень кошумча чыгарылганын билдирди.

Мыйзамга ылайык, бюллетендер добуш берүүчүлөрдүн санынан 0,1% көбүрөөк басылышы керек. Бул тиешелүү кагаз керектен чыгып калган же бузулуп калган учурлар үчүн эске алынган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда, 10-январда боло турган президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга 3 567 138 бюллетень даярдалды.

«Бюллетендердин саны так ушул соңку тизмеге ылайык чыгарылды, - деди ал. - Президентти шайлоо үчүн өзүнчө ак түстө, референдум үчүн өзүнчө көгүш түстө чыгарылды. Ошондо ар бир добуш бериш үчүн өз-өзүнчө 3 567 138ден бюллетень басылды».

Алдыдагы президенттик шайлоого жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендер аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберилген.

Президенттик кезексиз шайлоо менен кошо башкаруу формасын аныктоочу референдум 10-январда өтөт. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG