Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Нарындагы өч алуу өлүм менен бүттү


Нарын шаары (архивдик фото).
Нарын шаары (архивдик фото).

6-февралда Нарын шаарында жергиликтүү тургун октон каза тапты. Бул окуя криминалдык топтордун өз ара эсептешүүсү катары бааланууда.

6-февралда Нарын шаарынын Москва кичи районунда кечки 21:00ге жакын жеңил автоунаада отурган жигитти башка машинедеги адам бир канча жолу аткан.

Моюнунун сол тарабына ок тийген 31 жаштагы жергиликтүү тургун ооруканага жетпей көз жумду. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары Нарын шаарынын эки тургуну кармалды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова мындай маалымат берди:

«Окуя боюнча Нарын шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалды, шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Ошондой эле "ИЖ-20" үлгүсүндөгү документи жок мылтыкты милицияга өткөрүп берди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат».

Кылмыш ишине тиешеси бар деп "Лексус GS 300" үлгүсүндөгү автоунаанын ээси, 24 жаштагы жергиликтүү тургун да колго түшкөн. Ал 2017-жылы милицияда эки ай иштеп, кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткени аныкталган.

Ал эми атып өлтүрдү деп шек саналып кармалган жаран расмий маалыматка ылайык мурда бир канча жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат .

Өлтүрүлгөн адам 31 жашта, ал да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Каза болгон жарандын жакындары азырынча арыз менен кайрыла элек. Бул окуя эл арасында кылмыштуу топтордун өз ара эрегишип, өч алмайы катары бааланууда.

Кылмыштуу топтордун мындай ич ара тирешинин айынан Нарында буга чейин "Лимонти" деген каймана ат менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмаз Сулаймановду 2020-жылдын 28-мартында бычактап өлтүрүп кетишкен.

Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Талгат Шамиев кармалган. Ал атасы Имаш Шамиев үчүн өч алганын билдирген болчу. Көп жыл мурда А.Сулайманов И.Шамиевди мыкаачылык менен жантаслим кылганы эл арасында үрөй учурган аңыз катары айтылып келген.

Семетей Талас уулу
Семетей Талас уулу

Нарында кримчөйрөгө байланыштуу окуялардын көп катталышы боюнча журналист Семетей Талас уулу буларга токтолду:

«Негизи Нарын Советтер Союзу кезинен эле криминалдашкан шаарлардын катарына кирчү. Криминалдардын көбөйүшү 1990-жылдардан башталат. Ошол кезде Торугарт ачылып, ал жерге Нарындын кыйынмын дегендери барып көзөмөл жүргүзүп, жакшы байышты, анан алардын жашоосун көргөн башкалар ошондой жашоону кыялданышты. Ошентип отуруп трасса талаштын айынан канчалаган окуялар болду. Бул эми мамлекеттин алсыздыгы да бир киши өлтүргөн адам үч жылга жетпей кутулуп чыгып атса, аларды көргөн жаштар ошолорду туурап атпайбы. Ошол кылмышкерлерди түрмөдөн жазасын толук өтөй электе чыгарып жиберген акмактарга да чара көрүш керек. Кылмыш чөйрөсүнө көбүнчө спортсмен балдарды тартышат. Кыргызстанда спорттук мелдештерге уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн киргизбей, аларды демөөрчү кылбаш керек, антпесе өсүп келаткан спортсмен балдар ошол "караларды" кумир тутуп атышат».

Шайлоо өңдүү саясий иш-чараларда "каралардын" кызматын, күчүн да пайдаланганга аракет жасалат деген сөздөр айтылып келет. Буга чейинки шайлоолорго уюшкан кылмыштуу топтордун аралашып келгени маалым.

Активист Марат Тагаев криминал менен бийлик аралашып кеткен көрүнүштү мындайча сыпаттады.

«Пандемия күч алган убакта, андан кийин депутаттык шайлоо учурунда криминалдар менен бийлик өкүлдөрү аралашып эле жүрбөдүбү. Ал эле эмес ошол криминалдар телевидение, газета, сайттардан чыгып жатат. Кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар менен мамлекеттик кызматкерлер бир дасторкондо отурган сүрөттөрдү көп эле көрүп жүрбөйбүзбү. Мисалы, Нарын шаарын айтсак, спорттук мелдештер же башка иш-чаралар болгон учурда ошол эле кылмыштуу чөйрөдө жүргөн адамдар демөөрчү болуп, бийлик өкүлдөрү менен чогуу эле аралашып жүргөн учурлар көп кездешет. Алардын ошондой таасиринде криминалдык романтикага баткан жаштар арбып баратат».

Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик уюшма кылмыштуу топторду ооздуктоого убада берген. Акыркы айларда алардын мүчөлөрү кармалууда.

Ошто жана Бишкекте криминалдык чөйрөнүн бир катар төбөлдөрү кармалган. Эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылган Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда УКМК тарабынан камакка алынган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү иши чабал деген оюн айтты:

«Негизи криминал менен УКМК эмес, Ички иштер министрлиги күрөшкөнү оң да. Бизде мыйзамдар туура эмес, тезирээк оңдош керек. Оперативдик кызматкерлердин укугу кыскарып калган, башынан карап чыгуу зарыл. Бул уюшкан кылмыштуу топтор өтө коркунучтуу, себеби бизнесмендерди, инвесторлорду коркутуп, өтө чоң зыян алып келишет. Акыркы учурда күрөшүп атабыз дешет, булар менен эн биринчи Ички иштер министрлиги күрөшүш керек, түздөн түз ошолордун милдети. Эгер бийлик жакшылап иштесе, бир айда кылмыштуу топтордун таасирин өтө төмөнкү деңгээлге түшүрүп койсо болот».

Кыргыз милициясы өлкөдө "кримчөйрөнүн лөгү" атыккан Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев жана Максат Абакиров түзгөн төрт негизги уюшкан кылмыштуу топ бар экенин билдирип жүргөн.

Кийинчерээк кандайдыр бир себептерден улам кылмыш дүйнөсүндө "Водолаз" деген каймана ат менен таанылган Максат Абакировдун аты аталбай, үч эле ири топ бар экени айтылып калды. Абакиров 2020-жылдын октябрь айында коронавирустан каза тапканы кабарланган.

46 жаштагы Камчы Көлбаевди АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

  • 16x9 Image

    Бексултан Мамбетов

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү. Нарын мамлекеттик университетинде сырттан окуйт.

XS
SM
MD
LG