Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Ош: Ишкер аялдардын кызматташтыгы боюнча форумга даярдык жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто ишкер аялдардын өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө арналган жыйынга даярдык көрүлүп жатат. Иш-чараны ““Курак” аялдар форуму” деп аталган уюм донорлордун колдоосу менен уюштурууда.

Аялдардын эл аралык күнүн утурлай, 4-мартта өтө турган жыйындын максаты – аялдардын экономикалык, саясий жана социалдык тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү экени айтылды.

Спикерлер жеке тажрыйбасы тууралуу айтып берип, идеялары, туристтик бизнести кеңейтүү сырлары, жеке бала бакчаны иштетүү ыкмалары менен бөлүшүп, улуттук кийимдердин 2021-жылга карата модалык тенденциялары жөнүндө айтып беришет.

Адистер Кыргызстан эгемендик жолуна түшкөн мезгилден тартып аялдардын жумуш менен камсыз болуу укугу корголбой келе жатканын белгилешет. Алардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө калктын экономикалык жактан активдүү бөлүгүндө аялдар болжол менен 40% ээлейт. (RK)

XS
SM
MD
LG