Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Садыр Жапаров Казакстанга пандемияда көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди


Президент Садыр Жапаров (оңдо) жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин. Нур-Султан шаары. 2-март, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров (оңдо) жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин. Нур-Султан шаары. 2-март, 2021-жыл.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров жалпы кыргыз элинин атынан коронавирус пандемиясы учурунда жардам берип, колдоо көрсөткөнү үчүн Казакстандын жогорку бийлигине ыраазычылык билдирди. Жапаров бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда айтты. Садыр Жапаров өзгөчө казак бийлиги Орусиядан келе албай калган кыргызстандыктарды автоунаалар менен алып келүүдө өз аймагында “жашыл коридор” түзүп бергенине ыраазы болду.

Казахстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин боордош эки өлкөнүн достук, ынтымак мамилесин бекемдеп, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдирди. Бул маалыматты өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Казакстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен барган. Анын алкагында Кыргызстандын президенти Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, экс-президенти Нурсултан Назарбаев, Казакстан парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту.

Жолугушууларда эки өлкөнүн кызматташтыгына багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапары эртең, 3-мартта жыйынтыкталат. Бул анын мамлекет башчысы катары алгачкы мамлекеттик сапары.

Садыр Жапаров Кыргызстандын президенттигине 10-январда шайланган. Ал 24-25-февралда мамлекет башчысы катары алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG