Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

"Вагнерчилерге" доо коюлду


 «Новая газета» басылмасы 2020-жылы ноябрда Интернетке тараган бул  видео боюнча Орусиянын Тергөө комитетине кайрылып, бул окуяны иликтөөгө чакырган. 
 «Новая газета» басылмасы 2020-жылы ноябрда Интернетке тараган бул  видео боюнча Орусиянын Тергөө комитетине кайрылып, бул окуяны иликтөөгө чакырган. 

Үч укук коргоочу уюм сириялык жергиликтүү тургундун аёосуз өлтүрүлүшү боюнча Орусияда жалданма согушкерлерге – «вагнерчилерге» каршы кылмыш ишин козгоону талап кылып чыгышты.

2017-жылы Сирияда өлтүрүлгөн жергиликтүү тургун Мухаммед Э. аттуу адамдын агасы анын өлүмүнө шектүү делген орусиялык жалданма согушкерлерге–«вагнерчилерге» каршы кылмыш ишин козгоону талап кылып, Орусиянын Тергөө комитетине арыз менен кайрылды.

«Орусиянын мыйзамдары орус өкмөтүн чет өлкөдө орусиялык жарандар жасаган кылмыштарды иликтөөгө милдеттендирет. Бул киши өлтүрүү фактысы боюнча бардык маалыматтар бир жыл мурда эле орус бийлигине өткөрүлүп берилгенине карабай Тергөө комитети дагы деле тергөө иштерин баштай элек» деп кабарлаган маркумдун агасынын адвокаты Илья Новиков «Новая газета» басылмасына.

«Новая газета» басылмасы былтыр ноябрда Интернетке тараган бир видео боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастыркинге кайрылып, бул окуяны иликтөөгө чакырган.

Ал видеодо орусча сүйлөгөн бир нече куралчан киши сириялык адамды кыйнап, аны аткылап, чоң балта менен буттарын жанчып жатканы чагылдырылган. Жерде жан соога сураган адамды согушкерлер «тизеге чап», «бул өлбөйт го», «манжалары жанчылып калыптыр» деп мазактап турушканын да көрүүгө болот.

Кийин төрт киши алдына адамдын кесилген башын коюп алып түшкөн сүрөт да чыккан.

«Новая газета» жарыялаган сүрөт
«Новая газета» жарыялаган сүрөт

«Новая газета» басылмасы өз иликтөөлөрүнө таянып, сириялыкты кыйнап өлтүрүшкөн кишилерди «орусиялык жалданма согушкерлер», «Вагнер жеке менчик аскердик компаниясына» тиешеси бар деп аныктап чыккан. Алар сүрөттөгү бир согушерди «вагнерчилерге» 2016-жылы кошулган орус жараны 30 жаштагы Станислав Дычко деп таанышкан. Окуя болжолдуу Сириядагы Аш-Шаер кенине жакын жерде болгон.

Ал эми мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамды Мухаммед Э. аттуу сириялык жаран деп жакындары Интернетке тараган видеолордон таанышкан. Туугандары Сириядагы «Маалымат каражаттары жана ой-пикир эркиндиги» борборундагы укук коргоочуларга Мухаммед 2017-жылы Сирияга Ливандан кайтып келгенде сириялык аскерлер тарабынан кармалып, Дамасктын алдындагы аскердик базага кызмат өтөөгө жөнөтүлгөнүн айтып беришкен.

Сириядагы «Маалымат каражаттары жана ой-пикир эркиндиги» борбору, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация жана Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо уюмдары маркумдун жакындарына укуктук колдоо көрсөтүп, Орусиянын Тергөө комитетине доо арыз менен кайрылууга көмөктөшкөн.

Укуктарын орусиялык адвокаттар Илья Новиков менен Петр Заикин коргогон маркумдун агасы Орусияда «вагнерчилерге» каршы «мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылып жатат.

Укук коргоочулар бул ишти «аскердик кылмыштар үчүн орусиялыктарды жоопко тартууга сириялыктардын биринчи аракети» деп баалашты.

«Мамлекет «Вагнер» сыяктуу күмөндүү куралдуу топторго зордук-зомбулук көрсөтүү укугун берип коюп, өзү эл аралык жоопкерчиликтен качып кете албайт» дейт Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын өкүлү Илья Нузов.

«Вагнердин жеке аскердик компаниясы» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да мындай аскердик түзүмдөр бар экенин танып келишет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG