Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

"Артекке" кыргызстандык балдар үчүн 150 жолдомо берилди


"Артек" лагери
"Артек" лагери

15-мартта президент Садыр Жапаров Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды.

Кравцов Жапаровго эл аралык “Артек” борборуна барууга кыргызстандык балдар үчүн 150 орундук жолдомо тапшырды.

Жолугушууда билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу сөз болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Кравцов Кыргызстандын айыл жерлеринде мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна кызыкдар экенин жана анын маанисин белгиледи.

"Артек" - Советтер Союзунан бери таанымал, Крымда жайгашкан мектеп окуучуларынын эс алуучу жайы.

Крым - Орусия тарабынан аннексияланып алынган аймак болуп эсептелет. Кремлдин мындай кадамынан кийин АКШ жана Евробиримдик Орусияга катаал чектөөлөрдү киргизип, санкцияларды кабыл алган. Украина Крымды өзүнүн ажырагыс аймагы деп санайт. (BCh)

XS
SM
MD
LG