Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Европада коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилүүдө


Cербиянын борбору Белграддагы чектөөлөргө каршы акция. 2021-жылдын 21-марты.
Cербиянын борбору Белграддагы чектөөлөргө каршы акция. 2021-жылдын 21-марты.

Европадагы бир катар мамлекеттер коронавирустун үчүнчү толкунуна байланыштуу чектөөлөрдү улантып жатат.

Германиянын бийлиги буга чейин чектөөнү узартуу боюнча 22-мартта жыйынга чогулуп жатат. Канцлер Ангела Меркелдин өкмөтү өлкө боюнча карантиндик чараларды 18-апрелге чейин узартууну көздөп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Өткөн апта соңунда Польша, Франциянын айрым аймактары, Украинанын борбору Киевде вирусту жугузгандар көбөйүп жаткандыктан чектөөлөр киргизди. Бирок, узакка созулган чектөөлөр Европанын бир катар өлкөлөрүндө нааразылык жаратты. Дем алыш күндөрү Германия, Нидерланддар, Швейцария жана Сербияда миңдеген адамдар чектөөлөргө каршы акцияга чыкты.

Румынияда пандемия башталгандан бери 21-мартта ооруканалардагы реанимациялык бөлүмдөргө эң көп сандагы бейтаптар жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлигинин сунушуна карабай Румыниянын премьер-министри Флорин Кыцу карантиндик чаралар киргизилбей турганын билдирди.

Ал эми Британия менен Евробиримдик коронавируска каршы вакцинаны алуу үчүн атаандаштыкты улантууда.

XS
SM
MD
LG