Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Москва аскер соту Навальныйдын жактоочуларынын арызын четке какты


Навальный сот залында
Навальный сот залында

Москванын Аскер соту камактагы оппозиционер Алексей Навальныйдын жактоочуларынын Орусиянын Тергөө комитетине каршы жазган арызын четке какты.

Саясатчынын тарапташтары Навальныйды ууландырууга тиешеси бар деген Федералдык Коопсуздук кызматынын офицерлерине карата кылмыш ишин козгоону талап кылган. Бирок быйыл январь айында Тергөө комитети бул арызды териштирүүдөн, ага кошуп иш козгоодон баш тарткан.

Эми Москванын Аскердик соту 22-мартта Тергөө комитетинин иш козгоодон баш тартканы “мыйзамдуу жана негиздүү” деп таап, Навальныйдын арызы кароого жатпайт деген чечим чыгарды. Оппозиционердин адвокаты Вячеслав Гимади бул иш боюнча жогорку баскычтагы сотко апелляциялык арыз жазарын билдирди.

Кремлдин башкы сынчысы 44 жаштагы Алексей Навальный былтыр августта Томск шаарында тымызын ууландырылган. Комага түшкөн Навальныйды атайын учак менен Омск шаарынан Берлинге жеткиришип, анын өмүрүн сактап калышкан.

«Новичок» уулуу заты менен оппозициячыл саясатчыны ууландыруу аракетин орус коопсуздук кызматкерлери жүзөгө ашыргандыгы ачыкка чыкканына карабастан, Кремль бул фактыны четке кагып келет.

Орус бийликтери Навальный ууландырылгандан кийинки Германияда дарыланган жана саламаттыгын чыңдаган учурун «шарттуу жазага кабылган айыпкер өз учурунда катталып турушу керектиги тууралуу эрежени бузду» деген доо үчүн пайдаланды.

Ал быйыл январда Германиядан келгенден кийин кармалып, 2014-жылкы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылды. Кийин Москва шаардык соту мөөнөттү бир аз азайтуу менен чечимди күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG