Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Туризмди жандантуу үчүн жашыл сертификат киргизилет


Пандемиядан улам ээн калган Кара деңиздеги Санни Бич курорту. 22-июнь, 2020-жыл.
Пандемиядан улам ээн калган Кара деңиздеги Санни Бич курорту. 22-июнь, 2020-жыл.

Евробиримдиктин туруктуу өкүлдөрү туризмди жандандыруу максатында Европарламент менен жашыл сертификаттарды киргизүү жөнүндө макулдашты.

Бул документ COVID-19 пандемиясы маалында вакцина алган, тест жыйынтыгы терс чыккан же вирустан айыккан жарандарга эркин саякаттоого мүмкүндүк берет. Бул тууралуу ЕБ Кеңешинин сайтында маалымдалды.

"Reuters" агенттигинин кабарлашынча, бул жай мезгилине карата туристтик сапарларды жандандыруучу алгачкы кадам.
Сертификаттын укуктук базасы эки бөлүмдөн турат. Анын бири Евробиримдик жарандары менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, экинчиси мыйзамдын негизинде биримдиктин аймагында жашаган үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү.

"Азыркы эпидемиологиялык жагдай али олуттуу тынчсызданууларды жаратууда. Бирок келечекке карап, бир чечим чыгаруу керек. Жашыл сандык сертификат жарандардын коопсуз жүрүп-турушуна арналган. Бул өлкөлөрдүн экономикасын калыбына келтирүү үчүн өтө маанилүү", - деди Португалия премьер-министри Антониу Кошта.

Быйыл жайга чейин даярдалары күтүлүп жаткан документти Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүндө колдонууга болот.

Былтыр пандемияга байланыштуу туризм тармагы катуу жабыркады. Туризм боюнча дүйнөлүк уюмдун (UNWTO) маалыматына караганда, жалпы дүйнөдө бул тармак 2020-жылдын 10 айында 935 миллиард долларлык чыгымга учурады.

XS
SM
MD
LG