Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Индия күнүнө миңдей адамды жоготууда


Индияда коронавирустан жакынын жоготкондор.
Индияда коронавирустан жакынын жоготкондор.

Индиянын баш калаасы Нью-Делиде катаал карантин чаралары киргизилди. Кошмо Штаттарда жапырт эмдөө кампаниясы башталды.

COVID-19 илдетинин күч алышына байланыштуу Өзбекстанда беш ай мурда жабылган обсервациялар кайра ачылды.

Индияда COVID-19 күч алды

Шейшемби таңда Нью-Делинин автовокзалы жык-жыйма толду. Баш калаада карантин чаралары күчөтүлгөн соң миңдеген ички мигранттар өз айыл-кыштактарын көздөй агылышты.

«Биз үйдө жатканда өкмөт да, батирдин кожоюну да жардам бербейт. Ал эми ижара акысын төлөш керек», -деген Кришна Сони калаада камалып бош жата бергенден көрө айылына кетип калууну туура көрөт.

1,3 миллиард калкы бар Индияда соңку күндөрү коронавируска чалдыккандар кескин көбөйдү. Вирус күнүнө 250 миңдей кишиден аныкталып, каза болгондордун күнүмдүк көрсөткүчү 1200дөн ашып жатат. Жалпы өлкө боюнча ооруканаларда орун, кычкылтек концентраторлору жана дары-дармек жетишсиз экени кабарланууда.

«Делинин саламаттык сактоо системасы оор абалда турат. COVID-19га байланыштуу кырдаал абдан эле курч. Эгер азыр карантин чараларын катаалдатпасак, мындан да чоң апаатка туш болушубуз ыктымал», - деди Делинин башкы министри Арвинд Керживал.

Чектөөлөргө ылайык, дарыканалар менен азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башкасынын баары жабылды. Шаар тургундарына үйлөрүнөн жүйөлүү себептер менен гана чыгууга уруксат берилди.

Бирок бир жыл мурунку карантинден айырмаланып, бул жолу транспорт каттамдары токтотулган жок. Индия бийлиги 1-майдан тартып 18 жаштан жогорулардын баарын жапырт эмдөөдөн өткөргөнү жатат. Буга чейин 120 миллион доза сайылган.

Бразилияда, Түркияда, Иранда жана Канадада да коронавирус жайылып жатат.

Европа акырындан ачыла баштады

Айрым жылыштарга карабастан, Европанын көпчүлүк бөлүгү толук ачыла элек. Португалия ушул аптадан баштап ресторан, кафе жана пабдарга чектелүү сандагы адамдарды тейлөөгө уруксат берди. Ири соода борборлору, кинотеатрлар, орто жана жогорку окуу жайлары үч айдан бери эми ачылды.

Швейцарияда да жашоо акырындап өз нугуна келе баштады. Бийлик тамактануучу жайлардын терассаларын ачууга уруксат берди.

Америкада жапырт эмдөө башталды

Ал арада Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 18 жаштан жогорулардын баары вакцина алса болорун жарыялады. Буга чейин тобокел тобуна киргендер, улгайып калган америкалыктар эмделген. Статистикага караганда, 18 жаштан өткөн америкалыктардын жарымынан көбү вакцинанын жок дегенде бир дозасын алышты.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда пандемияны көзөмөлгө алса болорун билдирди.

«Жакынкы айларда бул пандемияны көзөмөлгө алуу үчүн шаймандарыбыз бар. Болгону аларды ырааттуу жана адилеттүү колдонушубуз керек», - деди ал 19-апрелде өткөн брифингде.

АКШнын президенти Жо Байден алгачкылардан болуп жыл башында эмделген. 11-январь, 2021-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден алгачкылардан болуп жыл башында эмделген. 11-январь, 2021-жыл.

Ооз ачарга 100дөн көп киши чогулбашы керек

Ал арада коңшу Өзбекстанда коронавирус күч алганына байланыштуу беш ай мурда жабылган медициналык борборлор кайра ачылды. Учурда кошуна мамлекетте университеттердин көбү аралыктан окууга өттү.

18-апрелден тартып Өзбекстанда карантин чаралары катаалдашкан. Жаңы эрежелерге ылайык, той-топур жана Рамазан айында ооз ачууга (ифтар) чакырылгандардын саны 100дөн ашпашы зарыл.

XS
SM
MD
LG