Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:31

Пандемия адам укуктарын чектеди


Карантиндик чектөө мезгилиндеги блокпост. Бишкек. 12-май, 2020-жыл.
Карантиндик чектөө мезгилиндеги блокпост. Бишкек. 12-май, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кыргызстанда адам укугу жаатындагы абал начарлады. Укук коргоочулар өзгөчө балдардын, аялдардын жана жабык жайлардагы адамдардын укугу көбүрөөк тебеленгенин белгилешет.

Пандемияда балдардын билим алуу укугу бузулду

Коронавирустун айынан Кыргызстанда былтыр март айында бардык мектептер аралыктан окутууга өткөн. Баткен районундагы Сабыр Момунов атындагы мектептин мугалими Гүлайым Эргешова бул жагдай балдарды билим алуу укугун чектеди деген пикири менен бөлүштү:

Гүлайым Эргешова.
Гүлайым Эргешова.

"Онлайн окууга өткөндө кадимкидей эле шок болдук баарыбыз. Балдар дагы, биз дагы даяр эмес элек. Башында "WhatsApp" аркылуу эле тапшырма берип, кайра жообун алып жаттык. Кийин "Zoom" менен окутуп жүрдүк. Кыйынчылык болду, балдардын көбүндө смартфон, планшет, ноутбуктары жок эле. Ата-энесинин телефондору аркылуу же бир үйдөгү бир нече бала бир телефон менен эптеп окуп, 4-чейректи аякташты. Онлайн сабакка класстагы 25 баланын 15-16сы, кээде жарымы гана кирип атты. Интернет да начар болду. Балдар кадимкидей толук билим ала алышкан жок. Үйдөн окугандын мектептегидей натыйжасы жок".

Сабыр Момунов мектеби жайгашкан Кара-Булак айылы быйылкы окуу жылында "жашыл аймак" деп табылып, мектептерде окуу жанданган.

Карантин учурунда ээн калган мектепте дезинфекция жүргүзүлүүдө. Апрель, 2020-жыл.
Карантин учурунда ээн калган мектепте дезинфекция жүргүзүлүүдө. Апрель, 2020-жыл.

Ушул тапта жашыл аймакка кирбеген мектептердин айрым класстары, өзгөчө ири шаарларда балдар дагы деле аралыктан окуп жатышат. Мамлекеттик бала бакчалар эмгиче ачыла элек.

Бул жагдай жеткинчектердин укугун бузууга жатарын "Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди:

"Карантиндик чектөөнүн зарылчылыгы жок экенин былтыркы тажрыйба көрсөттү. Балдардын мектептен толук билим алуу, бала бакчага барып, теңтуштары менен социалдашуу укугунан ажыратпоо үчүн санитардык-гигиеналык талаптарды сактап, оорудан сактануунун жолдорун үйрөтүү керек. Пандемия шартында балдардын 70% жакшы билим албай калышты. Себеби баарын эле карантинге камап салуунун кажети жок эле. Оору катталбаган, же күчөбөгөн аймакта мектеп, бала бакчаларды жаап салуунун зарылчылыгы жок. Балдар үйгө камалган учурда аларга карата зомбулук да күч алганын былтыркы көрсөткүчтөрдөн билесиздер".

Коронавирустан улам былтыр мартта киргизилген карантин учурундагы кыска убакта эле ондон ашуун бала жанын кыйганы расмий кабарланган.

Адвокаттарга да, укук коргоочуларга да жабылган темир эшик

Укук коргоочулар коронавирус пандемясы маалында жабык жайлардагы адамдардын да укугу тебеленгенин белгилешет. Чектөө чараларынан улам башында аларга адвокаттары, жакындары менен жолугушууга такыр тыюу салынган. Кийинчерээк уруксат берилген. Бирок ПЧР-тест тапшыруу тууралуу талап бар.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын билдиришинче, кармалгандар менен адвокаттардын байланышы такыр үзүлүп калган:

"Адвокаттарды киргизүү өтө оор болуп жатты. ПЧР-анализ тапшыруу талабы коюлуп, аны тапшыргандан кийин дагы учурунда кире албай, анализдин мөөнөтү өтүп кетип жатты. Дээрлик жарым жыл аралыгында адвокаттар менен кармалгандардын байланышы такыр эле үзүлүп калган. Алар тууган-уруктары менен да жолугушуу укугунан ажырашты. Жабык жайларда дарыгерлер жетишсиз болду. Бул түздөн-түз жабык жайдагылардын абалын оорлотту. Биз ал жакта коронавирус барбы, же жокпу биле албай жаттык. Качан гана ал жерден оору жана өлүм каттала баштаганда гана, жабык жайларга да вирус тараганын билдик".

Ушул тапта да укук коргоочулар, адвокаттар ПЧР анализдин корутундусуз жабык мекемелерге киргизилбейт. Кыйноолордун алдын алуу борборунун башчысы Бакыт Рысбаев бул мыйзам бузууга жатарын белгиледи:

"Эң башкы маселе - биздин мандаттын аткарылышы. Мыйзамга ылайык, биз жабык жайларга эч тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуубуз. Бирок ИИМдин Жаза аткаруу кызматынын ички буйругу менен жабык мекемелерге ПЦР тесттин жыйынтыгы жок киргизилбейт. Биз мамлекеттик орган катары өкмөткө кайрылып, "бизди же ПЧР-тест менен камсыз кылгыла, же Саламаттык сактоо министрлиги сунуштагандай, оорунун белгиси болсо гана тесттен өтүүгө уруксат бергиле" дедик. Бирок азырынча оң жооп жок. Тоскоолдуксуз кирүү маселеси чечилбей, биз ПЧР-тестти бейөкмөт же эл аралык уюмдардын жардамы менен гана өтүп, кирип жатабыз. Аймактагы кызматкерлерибиз бир жылдан бери өтүшө элек".

Бакыт Рысбаев былтыр өзгөчө абал киргизилген учурда Улуттук борбордун кызматкерлерине өлкөдө эркин жүрүп, ишин аткарууга уруксат берилбегенин айтты. Кыйноолорго каршы эл аралык конвенцияга ылайык, аталган борбор ишмердүүлүгүн эч тоскоолдуксуз аткарууга укуктуу.

Бул борбор жыл башынан бери жабык мекемелердеги укук бузуулган 16 учурду каттаган.

"Акыйкатчы 115" чат боту ишке кирди

Акыйкатчы институту жүргүзгөн акыркы сурамжылоодо катышкандардын 62,6% укугу бузулганын билдирген. Алардын 35% укугун коргоп берүүсүн өтүнүп акыйкатчыга кайрылуунун жол-жобосун билбей турганын айтышкан. Ушундан улам, Омбудсмен институту Юридикалык клиникалар биримдиги менен бирге мобилдик "Акыйкатчы 115" деп аталган чат ботту иштеп чыккан. "

"Телеграмм" тиркемесине камтылган чат бот аркылуу каалаган адам акыйкатчыга кайрыла алат жана юристтерден да онлайн кеп-кеңеш алса болот. "Акыйкатчы 115" чат боту ПРООНдун каржылык колдоосу менен ишке кирди.

Кыргызстанда пандемиядагы карантиндик чектөөлөр маалында зомбулук 65% көбөйгөн.

ИИМдин маалыматына караганда, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 9025 факты катталып, анын 10% гана сотко өткөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG