Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө анын тарапкерлери Кой-Таш окуясынын эки жылдыгына арналган иш-чара өткөрүштү. Ага саясатчылар, КСДП партиясынын мүчөлөрү, Кой-Таш окуясынын катышуучулары барды.
Адвокат Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуп берди. Эки жыл мурунку видео тасмалар, репортаждар, эскерүүлөр көрсөтүлүп, сый тамак берилди.
2019-жылы 7-8-августта бир адамдын өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясына эки жыл толду. Аны утурлай абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, азыркы мамлекет башчыны саясий буйрукту аткарган тергөөчүлөрдөн жана прокурорлордон арылууга чакырды.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында анын Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон.
Анда УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 100дөн ашык киши жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн.(ZKo)
Facebook шеринеси