11-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 26…31;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 33…35 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында да жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градуска чейин жогорулайт.
Facebook шеринеси