Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Баграм аба базасы "Талибандын" колуна өттү


Кабулдан 70 чакырым алыстыктагы Баграм аба базасы, 2-июль 2021-жыл.
Кабулдан 70 чакырым алыстыктагы Баграм аба базасы, 2-июль 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулдун түндүгүндөгү Баграм аба базасын эч каршылыксыз ээлеп алды. Бул маалыматты 15-августта базанын командири, генерал Навидулла Мирзайе "Азаттыктын" ооган кызматына ырастады.

"Талибдер базага кирип келгенде ооган күчтөрү чыгып кетишти. Баграм аэропорту "Талибандын" көзөмөлүндө", - деп айтты генерал Мирзайе.

Баграм - Ооганстандагы эң ири аба базасы. Бул базада миңдеген адамдар камалган түрмө да бар.

Бул аскердик жайды 1980-жылдары советтик күчтөр курган. Ооганстандагы америкалык операциялар башталгандан бери АКШ менен НАТОнун күчтөрүнүн эң чоң базасына айланган. Куралдуу кагылыштар күчөп турган учурда бул базада он миңдеген аскерлер жайгашып турган эле.

Америкалык аскерлер жана алардын союздаштары Баграмды 2-июлда ооган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп берген.

АКШ аскерлерин ооган жергесинен дан чыгара баштагандан бери талибдер Ооганстандын көпчүлүк аймактарын басып алды. Учурда жоочулар баш калаа Кабулду курчап турушат. Бийликти өткөрүп берүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатканы кабарланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG