Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Прокуратура Панфилов паркы боюнча материалдарды каттоого алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык прокуратурасы Панфилов паркында ижарага берилген тилкелер боюнча материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн шаардык милицияга жөнөттү. Бул тууралуу 15-августта “Азаттык” радиосуна Бишкек мэриясынын «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиева билдирди.

Анын айтымында, Иван Панфилов атындагы парктын жерлери 2008-жылы жеке компанияга ижарага берилген, ошондон бери ал рекреациялык милдетин аткарбай, акчасы шаардын бюджетине түшпөй келет:

“Панфилов паркын карасаңыз, өзүнчө эле коммерциялык ишкана болуп калды. 38 аттракцион. Бир жылга 5 миллионго ижарага алышкан экен, аны субарендага берип, ортодон акча жасап жатышат. Ал акча бюджетке түшүп, парктардын деңгээлин жогорулатып, өнүктүрүшү керек”.

Асанбай кичи районундагы Бишкектин 125 жылдыгына арналган парк боюнча да териштирүү жүрүп жатканы белгилүү болду.

Бишкек шаарында жалпысынан 11 парк бар, алардын бир нечеси соңку жылдары ачылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG