Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Ысык-Көлдө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин саммити башталат


ЕАЭБге мүчө өлкөлордүн желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
ЕАЭБге мүчө өлкөлордүн желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 19-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму ишин баштайт.

Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-августта Ысык-Көл облусуна иш сапар менен жөнөп кетти. Мамлекет башчы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке(ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугат. Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитине Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.

Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэл Марреро Крус катышат.

Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG