10-11-сентябрларда Кыргызстандын аймагында жылуу жана кургак абанын сакталгандыгына байланыштуу аба-ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик
тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жок, эртең менен жана күндүз маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 21…23 градуска чейин жогорулайт.
Facebook шеринеси