Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди


Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык маарекеси.
Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык маарекеси.

Акын Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык маарекесине арналган салтанат Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Сүйүнбай Эралиевдин ырларын кайрадан китеп кылып басып чыгарууну жана анын ысымы менен поэзия жаатында сыйлык уюштурууну көздөп жатканын иш-чаранын жүрүшүндө маалымдады.

Маараке акын Эралиевдин ырларын көркөм окуу жана концерттик программа менен коштолду.

Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айылында туулган. Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Алгачкы ыр жыйнагы 1949-жылы "Биринчи жаңырык” деген ат менен жарыкка чыккан.

Эралиев кыргыз поэзиясында биринчилерден болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган "Жылдыздарга саякат" поэмасында пайдаланган.

Ал Уитмендин, Тагордун, Турсун-Заденин, Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Эралиев Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы, "Элдердин достугу" ордени, III жана I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

Акын жана котормочу Сүйүнбай Эралиев 2016-жылы 95 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган. (MZh)

XS
SM
MD
LG