Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстанда көмүрдүн импорту өстү


Көмүр саткан жер. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Көмүр саткан жер. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери сырттан ташылып келген көмүрдүн жалпы көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,4 эсе көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, сегиз айда 289,4 миң тонна көмүр алып келинген. Былтыркы көрсөткүч 201,8 миң тонна болгон.

Импорттолгон көмүрдүн негизги бөлүгүн - 99% Казакстандын көмүрү ээлейт. Мындан тышкары Орусиядан жана Кытайдан да алып келинген.

Сыртка көмүр сатуу 15% кыскарып, быйылкы сегиз айда өткөн жылга салыштырмалуу 314 миң тоннага аз сатылган. Маалыматка ылайык, Кыргызстандан көмүр 99% Өзбекстанга сатылган.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 16,1% өстү. Бишкек шаарында Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылып жатат, бул өткөн жылга салыштырганда 1400 сомго кымбат. Баткенде жана Ноокатта бир тонна көмүр 8 миң сомдон өйдө сатылууда.

"Кыргыз көмүр" ишканасы Кара-Кеченин өзүндө көмүрдүн бир тоннасы 1330 сомдон сатылып жатканын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG