Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Ош ЖЭБи калкка жылуулук бере баштады


Ош жылуулук электр борбору.
Ош жылуулук электр борбору.

Ош жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 21-октябрдан баштап калкка жылуулук берип баштады. Бул тууралуу аталган борбор баш ийген "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, алгач саламаттык сактоо объектилери, бала бакчалар жана мектептерге жылуулук берилет.

Ош ЖЭБинин 18 миң 408 абоненти бар. Мунун 17 миң 804ү көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер, 323ү кеңселер жана башка нерселер, 192си жеке турак жайлар, 84ү бюджеттик уюмдар, бешөө өндүрүш мекемелери.

Аталган борбордун балансында жалпы 58,474 чакырым магистралдык жана кварталдык суу жеткирүү линиялары бар.

Ош шаарында жалпы 400дөй көп кабаттуу үй бар. Анын 300дөйүн шаардык мэрияга караштуу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасы тейлейт.

Жылуулук Бишкек шаарында 5-октябрдан баштап бериле баштаган. Борбор калааны да Бишкек ЖЭБи менен “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы тейлейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG