Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Алматыда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин окуучулар акция уюштурду


Алматыдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучулары.
Алматыдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучулары.

Алматыдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин 8-класстын окуучусу өз жанын кыйгандан кийин, башка окуучулар "Кийимдин эркек-ургаачысы жок" деген аталыштагы нааразылык акциясын уюштурду.

Физика-математикалык багыттагы мектепте окуган окуучулар 29-октябрда юбка кийип келип, окуу жайдын алдында сүрөткө түшүштү. Муну менен алар мектептин кураторуна жана психологунун аракеттерине каршылык билдиришти.

28-октябрда бир катар маалымат каражаттары жазгандай, мектептеги маданий иш-чарага юбкачан келген 8-класттын окуучусун куратору мектеп психологуна күчтөп алып барган. Маалыматка караганда, өспүрүм кийинчерек 11-кабаттан өз боюн таштаган.

Назарбаев интеллектуалдык мектебинин администрациясы 27-октябрда сабактардан тышкары убакытта өспүрүм өз өмүрүнө кол салганын ырастады. Ошондой эле баланын өлүмүнө байланыштуу мектепте болгон окуяны ушак деп мүнөздөдү.

Алматы полициясынын департаменти "Өз жанын кыюуга жеткирүү" беренси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Билим жана илим министрлигинин Баланын укугун коргоо комитети, окуучунун өлүмүнө байланыштуу түшүндүрмө берип, "тергөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча кайгылуу окуянын чоо-жайы айтылбастыгын" кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG