Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Латвияда орусиячыл журналист камалды


Ригадагы эстеликтердин бири. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Ригадагы эстеликтердин бири. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Рига соту журналист Юрий Алексеевди эки айга камоо чечимин чыгарды. Ал улуттар аралык кастык козутканы, балдар порнографиясын жана ок-дары сактаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Журналист бул айыптоолор ойлоп табылганын билдирди.

Алексеев Латвиядагы орус тилдүү белгилүү журналисттердин бири экенин Delfi басылмасы жазды. Ал ишкерликке багытталган бир катар басылмаларда редактор болуп иштеген. 2005-2009-жылдары "Бирдиктүү Латвиядагы адам укуктары үчүн" бирикмесинен Рига шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ал бирикме кийинчерээк "Латвиянын орус биримдиги" партиясына айланган.

Журналистке каршы кылмыш иши алгач 2017-жылы козголгон. Анда Алексеев интернетте латвиялыктарды бөлүп-жарган комментарий жазганы үчүн айыпталган. 2018-жылы журналистке Латвияга каршы багытталган иш-аракеттерге шек саналып, кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик коопсуздук кызматы жылдык баяндамасында журналисттин сайтын "Орусиянын маалыматтык таасирин күчөтүүдө роль ойноп жатат" деп атаган.

Алексеев муну саясий басым деп сыпаттайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG